Россия Өзбекстан менен тажик-афган чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУчения стран ОДКБ "Рубеж-2016"
Учения стран ОДКБ Рубеж-2016 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Окуу-машыгууга Россиянын Кыргызстандагы аскер базасынын Су-25 штурмовиктеринин экипажы жеткирилет.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россия менен Өзбекстан Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймагына жакын жерде окуу-машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун маалымат кызматына таянып Sputnik Өзбекстан жазды.

Белгилүү болгондой, окуу-машыгууга Россиянын Кыргызстандагы аскер базасынын Су-25 штурмовиктеринин экипажы барат.

Президент РФ В. Путин провел встречу с премьер-министром РФ М. Мишустиным - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады
Машыгуу 5-августтан 10-августка чейин Хатлон облусундагы "Харб-Майдон" полигонунда өтүп, ага Россия, Өзбекстан, Тажикстандын аскерлери катыша турганы айтылды. Буга чейин Афганистан менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта өтчү иш-чарага Россия тараптан жаңы бронетехника менен күчтөнгөн 201-аскер базанын бөлүктөрү катыша турганы да маалым болгон.

Белгилей кетсек, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушууда өтө турчу машыгуу АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыккандан кийин жаралган коркунучка жооп катары жасала турганын айткан.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0