Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат

© Sputnik / Эдуард Эрбен / Медиабанкка өтүүИл-96 учагы. Архив
Ил-96 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Бул аба техникасы мамлекеттин башында тургандарды эвакуация кылганга, жердеги жана спутниктик инфраструктура иштен чыгып калганда аскерлерди башкарууга керек болот.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Воронеж шаарында Ил-96-400М лайнеринин базасында өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе аларды башкара турган учакты жасоо иши башталды. Бул тууралуу Sputnik радиосу РИА Новостиге таянып жазды.

Аталган агенттик бул кабарды коргонуу-өнөр жай комплексиндеги маалымат булактарынан алган. 

"Кыямат күндүн учагы" деп аталган аба техникалары жүргүнчү ташыган Ил-86нын базасында куралган кадимки Ил-80 учактарын алмаштырарын айткан. Ил-96-400М деп аталган жаңы лайнерлер азыркыларына салыштырмалуу эки эсе алыс аралыкка уча алат. Аскерлер абадан команда берүүчү эки пунктуга ээ болот. Долбоордун "Звено-3С" деп аталары белгилүү болду.

Анын радиокомплекси алты миң чакырым радиуста туруп учактан жердеги жана суу алдында коё берилүүчү түзүлүштөргө буйрук бергенге мүмкүнчүлүк жаратат. 

Бул аба техникасы мамлекеттин башында тургандарды эвакуация кылганга, жердеги жана спутниктик инфраструктура иштен чыгып калганда аскерлерди башкарууга керек болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0