Батыш Россиянын айланасын чайпалткысы келип жатат. Лавровдун билдирүүсү

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүАкция протеста оппозиции в Минске
Акция протеста оппозиции в Минске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айтымында, Батыш өлкөлөрү Россиянын тегерегин олку-солку кылып, башкаларды алыстаткысы келип жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Батыш Россиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды фейктердин жардамы менен чайпалткысы келип турат.  Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровго ишлтеме берип РИА Новости жазды.

"Биздин тегерегибизге туруксуздук алкагын түзүү менен коңшу жана боордош өлкөлөргө "же Батышты танда, же Россияны танда" деген талап койгусу келгендер бар", — деди министр  "Единая Россия" партиясынын аянтчасында өтүп жаткан "Мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоо кампаниясы учурундагы тышкы саясаттагы жагдай" вебинарында сүйлөп жатып.

РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Лавров: Россия АКШга Кыргызстандагы базаларды колдонууну сунуштаган эмес
Дипломат Россия менен анын тегерегиндеги аймактарды аскердик жана экономикалык жол менен өздөштүрүүнү каалагандар бар экенин айтты.

"Алар биздин тегерегибизди курчап алып, коңшу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө Батыштын пайдасы тийип жаткандай түр көрсөткүлөрү бар. Мунун эң көрүнүктүү мисалы катары Украинаны алалы. Ушул эле аракетти Батыш Беларуста ишке ашырууга аракет кылып көрдү", — деди Лавров.

Ошондой эле министр АКШ Молдовадагы шайлоо алдында ачыктан-ачык геосаясий күрөшкө чыгып, бул өлкөнү "ээлеп" алууга жан үрөгөнүн айтты. 

"Азыр деле биздин Батыштагы кесиптештерибиз Россияга караштуу аймактарда, андан тышкары, Борбордук Азия менен Кавказ өрөөнүндө өзүнүн, керек болсо, аскердик таасирин жайылтууга аракет кылууда", — деди ТИМ жетекчиси.

Кошумчалай кетсек, Лавров коргоо министри Сергей Шойгу, дарыгер Денис Проценко, балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова менен катар "Единая Россия" партиясынын жалпы федералдык тизмесине кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0