Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш жерине застава курууга жардам берет

© Sputnik / Саид Закерия / Медиабанкка өтүүАфганистандын Улуттук полиция кызматкерлери Кабулдагы өткөрүү пунктунда
Афганистандын Улуттук полиция кызматкерлери Кабулдагы өткөрүү пунктунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Элчи Игорь Лякин-Фролов Россиянын Тажикстандагы 201-аскер базасы афгандык террорчулардын кандай гана агрессиялык аракеттери болбосун, аны кайтарууга даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россия Тажикстандын Афганистан менен чектеш аймагына аскердик бөлүк курууга жардам берет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Россия көмөктү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында көрсөтөрүн белгиледи.

"Биз Тажикстандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн эки тараптуу форматта бекемдөөгө жана ЖККУнун 2013-жылдын 23-сентябрындагы Жамааттык коопсуздук кеңешинин тажик-афган чек арасын бекемдөө жөнүндө чечимин ишке ашыруунун алкагында көмөк көрсөтүүнү улантабыз. Бул ЖККУнун түштүк чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууда негизги курал болот", — деген ал.

Руденко белгилегендей, Тажикстанды колдоого даярдыгын РФ президенти Владимир Путин да тастыктады. Учурда Тажикстанга чек ара аскер бөлүгүн курууга кайтарымсыз жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу даярдалып жатат.

Буга чейин РФтин Душанбедеги элчиси Игорь Лякин-Фролов Россиянын Тажикстандагы 201-аскер базасы керек болсо афгандык террорчулардын кандай гана агрессиялык аракеттери болбосун аны кайтарууга даяр экенин РИА Новостиге билдирген.

Аскердин колундагы курал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Талибдер мекенчил эмес, Пакистандын жалданма согушкерлери
Тажикстандагы Россиянын 201-базасы РФтин өлкө сыртындагы эң ири аскердик объектиси болуп саналат. Ал Душанбеде жана Бохтарда (Хатлон облусунун борбору) жайгашкан. Курамына мотоаткычтар, танк, артиллерия, чалгындоо, абадан коргонуу бөлүктөрү, радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо жана байланыш аскер бөлүктөрү кирет.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан"* кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Өткөн жылдын сентябрында Катар өлкөсүндө афгандардын сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок дээрлик он ай убакыт өтсө да тараптар жолугушуунун күн тартибин аныктай элек. Тараптар өкмөттүк күчтөр менен "Талибан"* кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча орток пикирге келе албай жатышат.

* "Талибан" – Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0