Москвада мушташкан мигранттардын алтоо камакка алынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор №2 Бутырская тюрьма
Следственный изолятор №2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов мушташкандардын кылмыш мөөнөтү аныкталса жазасын өтөй турганын айтып, кийин депортациялана турганын билдирген.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Сот Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткен мигранттардын ичинен алты адамды 15 суткага камады. Бул тууралуу РИА Новостиге соттун маалымат катчысы Кристина Каленова билдирген.
"Сот камалган алты адамды административдик тартип бузууда күнөөлүү деп таап, алардын ар бирин 15 суткага камоо чечимин кабыл алды", — деди ал.
Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташкан 102 кишини колго түшүргөнүн кабарлаган. Алар Борбор Азиядан барган адамдар экени айтылган. Министрликтин маалыматына караганда, мушташка катышкандар өлкөдөн чыгарылат.
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Москвада мушташкан кыргыз-тажик мигранттары Россиянын аймагынан чыгарылат
Ал эми соттун маалымат катчысы сотто бул маселе чечилбегенин айткан. Жоопко тартылгандардын жарандыгы тууралуу да азырынча эч кандай маалымат жок.
Буга чейин Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов мушташкандардын кылмыш мөөнөтү аныкталса жазасын өтөй турганын айтып, кийин депортациялана турганын белгилеген.
Эске салсак, мушташкандардын арасында кыргыз жарандары дагы бар. Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги массалык чыр-чатакта жаракат алган төрт кыргызстандык киши боюнча маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0