Пандемия басаңдашы үчүн канча киши эмделиши керек? Россиялык вирусологдун маеги

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинасы менен
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинасы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Гамалея атындагы институттун башкы илимий кызматкери Анатолий Альтштейн коронавируска дейре гендик-инженердик вакциналарды пайдалануудан кооптонуп келишсе, эми ушул тапта аларсыз жагдайды жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилейт.
Пандемия басаңдап калышы үчүн канча адам эмделүүгө тийиш? Кайра эмдөө эмне үчүн зарыл? Бул вирусту качан жеңе алабыз? Sputnik агенттигинин ушул соболдоруна Гамалея атындагы институттун башкы илимий кызматкери Анатолий Альтштейн жооп берди.

Жапырт эмдөө

Россия – коронавируска каршы таасирдүү вакцинаны биринчилерден болуп чыгарган өлкөлөрдүн бири. Окумуштуу анткен менен РФте салыштырмалуу калктын азыраак бөлүгү гана эмделгенине кейийт.
"Москва бийлигинин аракети менен эмдөө кампаниясы алда канча натыйжалуу, ыкчам (мигранттар да эмделе баштады) өтүп жатканы менен жалпысынан Россияда вакцинация жаатында арттабыз. Анткени башка өлкөлөр калкынын 60 пайыздан ашуунун эмдөөгө жетишти. Биз 12-15 пайыздык деңгээлдебиз. Дүйнөдө вакцинация көлөмү эбегейсиз, эки жарым миллиардга чукул эмдөө жасалды", — дейт вирусолог. Анын айтымында, дүйнөдө мынчалык жапырт вакцинация эч качан болгон эмес.

Эмделгендер менен эмдөөгө каршылардын тиреши

"Менимче, чындык эмдөөнү жактагандар тарапта экенинде шек жок. Бул планета калкын 100 пайыз эмдөө керек дегенди туюндурбайт. Себеби көпчүлүгүн, атап айтканда, 12 жаштан кичинекейлерди, оор ноокастарды эмдөөгө болбойт эмеспи. Бирок калктын 60-65 пайызы, балким, 70 пайызы да эмделиши ыктымал. Алар вакцина сайдырууга тийиш", — деп эсептейт Альтштейн.
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
"Спутник V" баарына сайылууда. Бишкектеги эмдөө жайларынын дареги
Профессор-вирусологдун пикиринде, кайра эмдөөдө эч кандай деле өзгөчөлүк жок, ал иммунитетти бекемдөө үчүн жасалат.
Башында жарым жылдан кийин кайра эмделүү керектиги тууралуу кеп жок эле, анткени ошол тушта вирус мынчалык агрессивдүү формага мутацияланган эмес деп түшүндүрөт вирусолог.
COVID-19дун "дельта" деп аталган индиялык штаммы "вакциналарга көп баш ийбегенин, вируска катуураак таасир этүү, анын жайылышын басаңдатуу үчүн иммунитетти күчтөндүрүү зарыл. Ошондуктан адамдар кайра эмделүүгө тийиш" экенин моюнга алат.

Жай турмушка кайтуу

"Адамзаттын тарыхында мындай апааттар аз эмес: чечек, кара тумоо, холера... Бирок ал заманда вакцина жок эле. 1796-жылдан тарта гана табигый чечекке каршы вакцина пайда болгон.
Ошол вакцинаны XIX-XX кылымдарда да пайдаланышкан. Акыры ошол туштагы адамдар биз санаган илдеттерди толугу менен жок кыла тургандай деңгээлде уюштурушкан. Ошентип азыр жер бетинде андай вирус жок болгон, аны кайдандыр бөлүп чыгаруу да мүмкүн эмес", — деп өткөндөн баян салат Альтштейн.
Ал түгүл 1980-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чечекти таба алган дарыгерге 50 миң доллар сыйлык берерин жарыялаган. Бирок эч кимге ыйгарылбай калган.
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
"1918-1919-жылдары адамзаттын жүрөгүнүн үшүн алган апаат – испан тумоосу ондогон миллион адамдын өмүрүн алып кеткен. Ага каршы эмдөөчү каражат жок, вирустун козгогучу да аныкталган эмес. Эки жыл аралыгында пандемия басаңдап, акырындап жоголгон. Ал эми COVID-19 да бир-эки жыл өткөндө басаңдайт. Бирок азыр мурда адамзаттын колунан келбеген аракеттерди көрүүгө мүмкүндүктөр бар. Алар – алгач жолу айлантууга кеңири коюлган гендик-инженердик вакциналар", — деди вирусолог.
Бул вакциналарды 1980-жылдардын башынан бери изилдеп келишкен. "Аларды пайдаланууга берүү абдан татаал эле, анткени вакцина иши абдан консервативдүү келет" деп түшүндүрөт окумуштуу. Бир типтеги вакцинанын ордуна башка тибин берүү кыйын.
"Мына биринчи ирет гендик инженерлерге шарт түзүлүп отурат. Алар бул эпидемия менен күрөштө бизге көмөктөшө турган абдан таасирдүү вакциналарды жасай алышты. 80-90-жылдары эксперименталдык ыкмалар жасалган, чакан көлөмдө болсо да иштер аткарылган. Африкада Эбола лихорадкасы башталганда биз алгач жолу гендик-инженердик вакциналарды пайдалана алган элек. Дал ушул вакциналар өтө таасирдүүлүгүн көрсөткөн. Россия бул вакциналарды жапырт эмдөө үчүн пайдалана алган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында экенине сыймыктанабыз", — дейт Альтштейн.

Жаңы калабабы?

COVID-19дун жаңы активдүү штаммы пайда болгон Индиядан башка бир инфекциянын — мукормикоз ("көк каптоо", "черная плесень") жайылып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Аталган илдет да бөлөк өлкөлөргө таралат деп чочулоого негиз барбы? "Мукормикоз" — бул грибок, азыраак патогендүү, адамдар ага чанда кабылат. Бирок коронавируска чалдыккан адамдар ал инфекциянын алдында алсыз. Бул грибоктук илдет — чындап эле абдан оор, өлүмгө жетелечү, коронавируска кошулса адамдын жанын алып тынган дарт", — дейт окумуштуу.
Бирок ошол эле убакта Альтштейн Россия жана ага жакын жайгашкан өлкөлөр үчүн бул кесел дээрлик коркунуч туудурбайт, себеби анын очогу – Индия. Азырынча аталган мамлекеттин чегинен чыга элек.
Мындан тышкары, бул медицина туруштук бере албай тургандай грибоктук инфекция эмес. Россиялык "Спутник V" вакцинасы коронавируска каршы туруу учурунда мукормикозго кабылуу мүмкүндүгүн азайтып, адамдарды өлүмдөн сактайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0