СССР менен Германиянын согуштагы ролу ар башка! Путин өзгөчө мыйзамга кол койду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Адистердин пикиринде, бул мыйзам СССР элинин эрдигин төмөн түшүрүү аракеттери менен саясий капитал топтоого жол бербейт.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин СССР менен нацисттик Германияны Дүйнөлүк экинчи согушта коомчулукта окшоштуруп кароого тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкө башчы "1941-1945-жылдары болгон согушта Совет элинин жеңишин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомго өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Документ укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталына жайгаштырылды.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Долбоорду Маданият жана искусство боюнча президенттик кеңештин отурумунун жыйынтыгы менен Путиндин тизмесин ишке ашыруу үчүн даярдашкан. Демилгени Мамдуманын маданият боюнча комитетинин башчысы Елена Ямпольская, төмөнкү палатанын биринчи вице-спикери Александр Жуков, сенатор Алексей Пушков депутаттардын кароосуна алып чыккан.
Документтин түшүндүрмөсүндө акыркы учурда ЖМКларда, анын ичинен россиялык басылмаларда советтик жетекчиликтин, командачылыктын чечимдери, максаты, жоокерлердин кадамдары нацизм жана вермахттын аскерлеринин кылмыштары менен тең караштырылып, эфирге кетип же жарыяланып келгени айтылган. СССРдин аракеттери алардыкы менен бирдей коюлуп, далилденбеген басмырлаган жалпы пикир менен коштолуп келе жатат.
"Ата Мекенди коргоп, анын эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн берип боштондук тартуулаган аскерлер менен элди кырып-жоюуга баскынчы аскерлер менен багыт алгандарды бирдей кароо таптакыр мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Алардын кылмыш жасаганы сотто, Эл аралык аскердик трибуналдын өкүмү менен далилденген", — деп авторлор мурдараак белгилеген эле.
Демилгечилердин пикиринде, бул мыйзам СССР элинин эрдигин төмөн түшүрүү аракеттери менен саясий капитал топтоого жол бербейт. Муну менен катар эле тема боюнча илимий дискуссиялар жана илимий изилдөөлөр сакталып кала берет.
Россиянын президенти Владимир Путин түз эфир учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Владимир Путин менен болгон түз эфирдин урунттуу учурлары
Мыйзамды бузгандарга эмне санкция каралары азырынча аныктала электигин айтышты.
Германиялык нацисттер 1941-жылы 22-июнда, мындан туптуура 80 жыл илгери Европаны дээрлик каратып алып, андан соң СССРге кол салган. Совет эли үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Кармаш 1418 күнгө созулуп, 26,6 миллион советтик адамдын өмүрүн жалмады. Бул Дүйнөлүк экинчи согушта каза тапкандардын 40 пайызы эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0