Президенттер сүйлөшүп алган дешет. Путин COVID-19га ишенбегендер боюнча оюн айтты

© Sputnik / Сергей Савостьянов / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Путин вакцинанын айрым учурда гана кыйыр таасирлери болгону менен коронавируска чалдыкканга караганда алда канча пайдалуу экенин билдирди.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавирус тууралуу ар кимдин айтканына ишене бербей, адистерди угуу керек деген оюн айтты.
Эске салсак, Россия лидери түз эфирде элдин суроолоруна жооп берип жатат.
Президенттин айтымында, вакцина алуунун зарылдыгы жок деген пикирдеги адамдар дайым болуп келген. Анын үстүнө массалык түрдө эмдөө болуп жатканда, эл эч нерседен коркпой турат.
"Ошондой күндөрдүн биринде вирус кайра күч алып кетиши мүмкүн. Ошондо гана жарандар вакцина алууга ашыгып калышат. Вирус жана вакцина тууралуу эч нерсе түшүнбөгөн кишилердин айткандарын уга бербей, адистердин  кеп-кеңешин угуу керек. Карап турсаң, чоң, акыл-эстүү, билимдүү кишилер эле вирус жок, өлкө президенттери сүйлөшүп алышкан деп айтышат. Бул акылга сыйбаган нерсе да", — деди Путин.
Сөзүнүн аягында ал вакцинанын айрым учурда кыйыр таасири болгону менен коронавируска чалдыкканга караганда алда канча пайдалуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0