Москвада мигранттар эки жерде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жатат

© Фото / Пресс-служба мэра и правительства Москвы / Медиабанкка өтүүЭмгек мигранттарын эмдөө учурунда медициналык кызматкер
Эмгек мигранттарын эмдөө учурунда медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Москвада мигранттарды коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен эмдөө чечими кабыл алынган. Бир препаратка кеткен 1300 рублди жумуш берүүчү төлөп берет.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттарын коронавируска каршы вакцинациялоо башталып, учурда эки жерде эмдөө жайлары иштеп жатканын ВВС жазды.
Маалыматка караганда, жумуш берүүчүлөр өз ишканасында иштеп жаткан чет элдиктер эмдөөдөн өтүшү үчүн Көп тармактуу мигранттар борборуна өтүнүч кат менен кайрылышы керек. Борбордон мигрант вакцина ала турган күндү белгилешет. Чет элдик кызматкери вакцина алгандыгы тууралуу сертификат дагы жумуш берүүчүнүн колуна берилет.
Вакцинация от COVID-19 в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Москва бийлиги мигранттарды эмдөө канча турарын айтты
Азырынча мирганттар Москвага жакын жайгашкан Сахарово аймагындагы Көп тармактуу мигранттар борборунда жана "Садовод" базарындагы эмдөө жайынан вакцина ала алат.
Эске салсак, Москвада мигранттарды коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен эмдөө чечими кабыл алынган.
Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин мигранттарды коронавируска каршы эмдөө июль айынын башында башталышы мүмкүн деп божомолдоп жаткан.
Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0