Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясы ушу тапта Россиянын борбор калаасында өтүп жатат.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Массалык жок кылуу куралынын жайылуу тобокелдиги, аймактык чыр-чатактар, чек аралаш мамлекеттердин биргелешкен кылмыштуу топторунун активдешүүсү — бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
Эскерте кетсек, ушу тапта эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясы Россиянын баш калаасында өтүп жатат.
"Региондордогу куралдуу кагылышуулар, массалык жол кылуу курал-жарагынын жайылуу кооптуулугу, баңги бизнеси менен кибер кылмыштуулуктун жана чек аралаш мамлекеттердин биргелешкен кылмыштуу топторунун жандануусу тынчсызданууну жаратат", — деди Путин катышуучуларга кайрылып жатып.
Ал аталган көйгөйлөрдүн масштабы жана глобалдуулугу бардык мамлекеттердин биримдикте иш алып баруусун талап кыларын белгиледи.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женева шаарында жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Путин менен Байдендин жолугушуусунан кийин дүйнөлүк саясат кандай өзгөрөт
"Албетте, мындай жамааттык иш эл аралык укук жана БУУ уставынын максаты менен принциптерине ылайык жүргүзүлүшү шарт", — деди Путин.
РФ лидери өз сөзүндө БУУнун башкы милдетине токтолуп өттү. Анын айтымында, аталган уюм дүйнөлүк согушка жол бербөө үчүн жан үрөп, оюндун жаңы эрежелеринин баары БУУ эгидасынын алдында өтүшү зарыл. Путин мындан башка багыттын баары башаламандыкка кептей турганын кошумчалады.
Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.
Жаңылыктар түрмөгү
0