Улуу Ата Мекендик согушка 80 жыл. Путиндин макаласы немец басылмасына жарыяланат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Аза күтүү жана эскерүү күнүндө Путин Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп, сөз сүйлөйт.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 80 жылдыгына карата атайын макала даярдаган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Материалды Германиядагы алдыңкы басылмалардын бири жарыялаарын "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" деп аталган программасында билдиришкен.
22-июнда, аза күтүү жана эскерүү күнүндө, Путин Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп, сөз сүйлөйт.
Киргизский ССР в годы Великой Отечественной войны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2020
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан
Маалыматта бүгүн Путиндин Кремлде Мамлекеттик думанын депутаттары менен жолугары, ал эми жума ичинде өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрөрү айтылды.
1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия тынч жаткан Советтер Союзуна кол салган. Бул дүйнө тарыхында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы катары калды. Ал совет элине, СССРдин курамына кирген ошол кездеги республикалардын элине трагедия алып келди.
Россиянын бардык аймактары менен чет өлкөлөрдө эскерүү иш-чаралары өтөт. Ал эми саат 12:15те (Бишкек убактысы менен 15:15) бүткүл Россия боюнча аза күтүү мүнөтү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0