Россия мигранттардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдетип, эмдөөгө белсенип жатат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКоронавирустан эмдөө учурунда. Архив
Коронавирустан эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Учурда Россияда эмгек мигранттары жетишпей, бөтөнчө курулуш тармагы жумушчулардын жоктугунан аксап жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россия өкмөтү эмгек мигранттарынын өлкөгө келүүсүн жөнөкөйлөтүп, чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө эмдөө маселесин кароодо. Бул тууралуу вице-премьер Марат Хуснуллин RTVI телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Россияда эмгек мигранттарынын аздыгы бөтөнчө курулуш тармагында сезилүүдө.
"Россия үчүн курулуш объектилеринде жумушчу күчүнүн жетишсиздиги өтө чоң тобокелдиктерге жана экономикалык алсыроого алып келет", — деген Хуснуллин.
Москва мэринин экономикалык саясат, мүлк жана жер байланыштары боюнча орун басары Владимир Ефимов буга чейин Россиянын борборунда эле 300 миңдей эмгек мигранты жетишпей жатканын билдиргени айтылат.
Ефимов, ошондой эле, чет өлкөлүктөрдүн келүүсүнө чектөөлөр көп болуп жатканын да белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0