Россияда кумшекер кымбаттай турганы айтылууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКумшекер сатуу. Архив
Кумшекер сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Россиялык адистер быйыл кант кызылчасы кеч отургузулуп жаткандыктан жана жаан-чачындуу аба ырайынан улам шекердин баасы кымбатташы мүмкүн экенин божомолдоп жатат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Быйыл Россияда кумшекердин баасы кымбатташы мүмкүн. Буга кант кызылчасын себүү иштери кечеңдеп жатканы себеп экенин Айыл чарба министрлигине шилтеме берип "Коммерсантъ" басылмасы жазды.
"Түшүм кеч алынган соң анын так көлөмүн билгиче тиешелүү органдын белгилүү бир бааны коюп берүүсү кечеңдейт. Бул учурда баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Учурда министрлик бааны кармап туруу боюнча аракет көрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Агрардык рынок конъюнктурасы институтунун башкы директору Дмитрий Рыльконун айтымында, өлкөнүн түштүгүндөгү салкын жана жаан-чачындуу аба ырайы түшүм алуу мөөнөтүн ого бетер кечеңдетип, бир айга ары жылдырып коюшу ыктымал. Мындан улам кант заводдорунда сырье тартыш болуп калмакчы.
Кирпичтерди таңгактоого даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Кыргызстанда курулуш материалдар кымбаттап жатат. Баалар
Басылмага кант өндүрүүчү ири компаниялардын биринде иштеген маалымат булагынын билдиргенине караганда, Россияда шекердин баасы 2022-жылы өтө кымбаттайт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн кант менен 56 пайыз пайызга гана камсыздайт. Андыктан чет өлкөлөрдөн бул азыкты импорттоп келүүгө аргасыз. Быйылкы жылдын январь айында Россиядан 1 421,7 тонна шекер алынган.
Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымын убактылуу алып турууну чечти. Жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Анын алкагында Кыргызстан 40 миң тонна кантты бажы алымысыз киргизе алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0