Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Россия лидери согуш мезгилинде душманды ынтымак менен жеңип, конструктивдүү өнүгүү жолуна түшкөнүн, мындан ары да өлкөлөр менен ушундай мамиле сакталарын эскертти.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.
Путин бул күндү ата-бабалардын кан-жанын аябай душмандын мизин кайтарган эрдигин жана оорукта жасаган эмгегин өзгөчө сыймыктануу менен эскере турганын белгилеген.
"Биздин бүгүнкү моралдык карызыбыз — согуштагы азаптуу окуяларды кийинки муундун эсине салып, аяр сактоо. Тарыхты бурмалоого жана жасалмалоого кандай аракеттер болбосун, буга баарыбыз биргеликте каршы турушубуз керек. Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыгын кайра карап, улутчулдар жана алардын кол алдындагылар жасаган коркунучтуу кылмышты актоого жол бербөө зарыл", — деп кайрылган Путин.
Ошондой эле Россия лидери согуш мезгилиндеги ынтымак, достук, бири-бирине жардамдашуу салты өлкө жана элдердин ортосундагы коңшулаш мамиле менен конструктивдүү өнүгүү жолуна түшүү болгонун айтып, мындан ары да ушундай болоруна ишеним артты.
Жеңиш майрамына карата Ош шаарында  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Ошто жашаган согуш ардагерлеринин саны айтылды
Аны менен катары согуш ардагерлерине жана ооруктун каармандарына чын дилинен ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бейпилдик жана узун өмүр каалаган.
Путин ушундай эле куттуктоосун Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Грузия жана Украинага жолдогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0