Роскомнадзор: YouTube Россия ЖМКларына цензура кылып жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүYouTube тиркемеси. Архив
YouTube тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Ведомство YouTube "Батышта кабылданган позициядан башкача маалыматты видеохостингдин көрүүчүлөрүнө жеткирген роликтерди" чектеп жаткандыгын билдирди.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Роскомнадзор YouTube видеохостинги россиялык ЖКМлардын аккаунтунда жайгашкан контенттерди чектеп жатканын айтты. Бул туурасында "Интерфакс" ведомствонун маалымат кызматына таянып жазган.
"Россиянын федералдык каналдарында берилген фильмдерде жаш куракка чектөө коюлган эмес. YouTube администрациясынын пикирине караганда, ал жашы жогору көрүүчүлөргө гана жеткиликтүү болушу мүмкүн. Көптөгөн роликтер видеохостингдеги авторлуктан соң же контентти чоңдор көрүүгө болот деген макулдашуудан кийин гана көрсөтүлүп жатат", — деп жазган агенттик РКНге шилтеме берип.
Ведомство  YouTube "Батышта кабылданган позициядан башкача маалыматты видеохостингдин көрүүчүлөрүнө жеткирген роликтерди" чектеп жатат деп эсептейт. Тагыраагы, тарыхый өңүттөгү, маселен, Россиянын фашизмди жеңгени, Бесландагы трагедиялуу окуялар ар кыл шылтоо менен блоктолуп калууда. Андан сырткары, YouTube НТВ каналынын расмий аккаунтундагы Россия президентинин сүйлөгөнүн көрсөтпөй салып, аны капыстан болгон кокустук катары атаган.
Рейхстагдын үстүнөндө Кызыл туу желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2020
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
YouTube, мындан сырткары, Россиянын мамлекеттик гимни бар роликтерге чектөө койгон, муну автордук укуктун бузулушу деп түшүндүргөн, айтымында, ал чет элдик укук ээсине тиешелүү болгон.
РКН берген маалыматтарда 2020-жылы YouTube Россия ЖМКларынын аккаунттарын 9 ирет чектеген, ал эми материалдарына үч ирет мындай ыкма колдонгон. 2021-жылдын төрт айында россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын үч аккаунту жана беш материалы блоктолгон. Чектөө НТВ, Россия 24, ТВЦ, Russia Today, Sputnik сыяктуу ЖМКларга коюлган.
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт
2020-жылдан тарта Роскомнадзор видеохостингдин администрациясына россиялык ЖМКлар боюнча баш-аягы 29 кат (алардын ичинен жетөө кайталап жазылган талап кылуулар болгон) жиберсе, алардын көбү жоопсуз калган.
Роскомнадзордун айтымында, муну менен катар эле YouTube ведомство байкаган балдар порнографиясы, экстремизм жана башка кооптуу контенттер боюнча алты миңге чукул материалды өчүргөн эмес. РКН тыюу салынган маалыматтар издөө салган интернет-ресурстардан өчүрүлбөй, табылып калганда Google үч ирет — 70 миң рублге, 1,5 миллион жана 3 миллион рубль айыпка жыгылгандыгын эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0