Россиялыктар майдын башында 10 күн эс алат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМосквада көчөдө бараткан адамдар
Москвада көчөдө бараткан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Эпидемиологдор кеңешип, кырдаалдан улам май майрамдарынын ортосундагы күндөрдү да эс алуу катары эсептөөнү ылайык көрүшкөн.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россияда 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күндөрү болот. Президент Владимир Путин мындай чечимди коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам кабыл алганын РИА Новости жазды.
Бүгүн Путин Роспотребнадзор жетекчиси Анна Попова жана өкмөттүн төрагасынын жетекчиси Татьяна Голикова менен Россиядагы коронавирус инфекциясы боюнча кырдаалды талкуулаган.
Эпидемиологдор кеңешип, кырдаалдан улам май майрамдарынын ортосундагы күндөрдү да эс алуу катары эсептөөнү ылайык көрүшкөн.
Попова Путинге бул идеяны сунуштаган.
"Майрам күндөрү россиялыктар коомдук транспортко түшүп, шаардын сыртына, дачаларга чыгып кетет да, бир нече күндөн кийин ишке кайтып келет. Пандемия учурунда бул тобокелдикти жаратат. Ал эми бул күндөрдүн баарын үзгүлтүксүз эле эс алуу катары эсептөө эпидемиологиялык божомолду алда канча туруктуу кылат", — деген ал.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт
Аталган сунушту туура деп тапкан мамлекет башчы макул болуп, он күн катары менен эс алуу жарыялаган жарлыкка кол коёрун айткан.
"Эгерде сиздер зарыл деп эсептесеңиздер, анда ошондой чечим кабыл алабыз. Бүгүн тиешелүү жарлыкка кол коём", — деген Путин.
Ошентип, россиялыктар майдын башталышында 10 күн катары менен эс ала турган болду.
Быйыл майдын башында россиялыктар жаз жана эмгек майрамына карата үч күн, Улуу Жеңиштин урматына дагы үч күн эс алмак.
Жаңылыктар түрмөгү
0