Байдендин чакыруусун кабыл алды. Путин климат боюнча саммитке катышат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Буга чейин АКШ президенти аталган саммитке катышууга 40 мамлекеттин башчысын чакырган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин климат маселеси боюнча саммитке катышат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.
Талкуу 22-23-апрель күндөрү онлайн-форматта өтөт.
"Саммитте Путин Россиянын климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепетин жоюуга багытталган кадамдары тууралуу кеп кылат", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин АКШ президенти аталган саммитке катышууга 40 мамлекеттин башчысын чакырган. Анын ичинде Путин да бар эле.
Америка бийлиги апрелде өтчү талкуу айлана-чөйрөгө чыгарылып жаткан зыяндуу калдыктарды азайтуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө арналарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0