Путин дагы эки мөөнөткө талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Президенттик шайлоо тууралуу мыйзам Россиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында кабыл алынган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин азыркы өлкө башчыга дагы эки мөөнөткө талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу укуктук маалымат боюнча расмий интернет-порталында жарыяланды.
Документте айтылгандай, Конституцияга кирген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн дагы бир катар буйруктарга кол коюлду.
“Россиянын президентин шайлоо тууралуу” мыйзамда президенттик кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлеп туруу боюнча айтылат.
Өзгөртүүлөрдөн кийин азыркы президент дагы эки мөөнөткө шайлануу үчүн талапкерлигин коё алары жана ага мурдагы мөөнөттөр кошулбай турганы маалым.
Мыйзам Мамлекеттик дума тарабынан 21-мартта жана 31-мартта кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0