"Экинчи өмүр" бердиңер! 50гө чыккан Заворотнюктун жакындары медиктерге алкыш айтты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюк. Архив
Россиялык алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Актриса мээ рагы менен эки жылдан бери алышып келет. Ушул жылы январда кызы Заворотнюк дарылануусун улантып жатканын айткан.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиялык алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюктун жакындары ага "экинчи өмүр" берген дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Заворотнюктун жакындары иштеткен Instagram-аккаунтта жазылганын РИА Новости билдирди. 
Актриса 3-апрелде 50 жашын белгиледи.
"Бейтаптарды ажал оозунан сууруп чыгып экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазычылык. Жакындарыңыздар менен аман болуңуздар, бардык жакшылыктарды каалайбыз. Үмүт шооласын чачып жүрө бериңиздер", — дешкен алар.
Заворотнюктун ооруп калганы 2019-жылдын август айында белгилүү болуп, бир катар ЖМКлар аны мээ рагына кабылган деп жазган. Анткен менен артисттин жакындары бир топко чейин унчукпай, андан соң Заворотнюктун дарыланып жатканын билдиришкен. Акыркы маалыматтарда актрисанын саламаттыгы жакшырып баратканы айтылып келет.
Ушул жылы январда актрисанын кызы ал дарылануусун улантып жатканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0