Авиабилеттердин кымбаттаган себебин РФтин Монополияга каршы кызматы түшүндүрдү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСпоттинг в аэропорту Симферополя
Споттинг в аэропорту Симферополя - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Aviasales билет издөө сервисинен билдиришкендей, 2021-жылдын биринчи кварталында Россия менен байланышкан эл аралык каттамдардын билеттери 6 пайыздан 130 пайызга чейин кымбаттады.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россиянын Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча федералдык кызматы эл аралык авиакаттамдарга билеттердин кымбатташы боюнча даттануулар көп түшүп жатканын айтып, РИА Новости агенттигине анын себебин түшүндүрдү.
"Россия менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы авиакаттамдарга билеттер кымбаттап кетиши боюнча даттануулар көп болууда. Баалардын өсүшүнө пандемия шартында каттамдардын азайганы себеп болуп жатат. Биздин кызмат көбүнесе каттамдарды жалгыз бир авиакомпания аткарган багыттарга өзгөчө көңүл бурат. Эгер бул жерде монополияга каршы мыйзамдар бузулса, дароо чара көрүлөт", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп
Aviasales билет издөө сервисинен билдиришкендей, 2021-жылдын биринчи кварталында Россия менен байланышкан эл аралык каттамдардын билеттери 6 пайыздан 130 пайызга чейин кымбаттады.
Буга чейин "Манас" эл аралык аэропорту билеттердин баасын "Аэрофлот", "Урал аба жолдору", "Сибирь", "Эйр Астана" жана дагы бир нече компания кымбаттатып койгонун айткан. Россияга кеткен билеттердин баасынын өсүшү COVID-19га байланыштуу экени кошумчаланган
Жаңылыктар түрмөгү
0