04:32 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Россия
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1388)
61 0 0

Россияда жасалган үчүнчү вакцина жакынкы күндөрү колдонууга берилип, аймактарга жөнөтүлөрү айтылды. 10 ампуладан турган бир кутунун баасы эң көп дегенде 4 330 рублге жетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Чумаков атындагы борбор иштеп чыккан коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасы расмий түрдө өндүрүлө баштады. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Суспензия түрүндө чыгарылган препарат булчуңга сайылат.

"Ошентип Россияда жасалган үчүнчү вакцина жакынкы күндөрү колдонууга берилип, аймактарга жөнөтүлөт. 10 ампуладан турган бир кутунун баасы эң көп дегенде 4 330 рубль болмокчу", — деп айтылат билдирүүдө.

Чумаков борборунун адистери препаратты сыноого катышкан ыктыярчылардын организминде антителолордун деңгээли жогорку көрсөткүчтө экенин айтууда. Күз айларында вакцинанын сапатын жана коопсуздугун текшерип берүү сунушу менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунуна кайрылуу пландалып жатат.

"КовиВак" вакцинасы SARS-CoV-2 вирусунун негизинде жасалды. Анын зыян келтире турган касиеттери алып салынган. Бирок иммунитетти пайда кылчу жөндөмү бар. Анда вирус бөлүкчөлөрүнүн бардык белоктору камтылды. Ошол себептүү болушунча күчтүүрөөк иммунитет пайда болушуна шарт түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

"КовиВак" февраль айынын аягында каттоодон өткөн, жыл аягына чейин 10 миллиондон көбүрөөк вакцина өндүрүү пландалып жатат.

Чумаков борборунун окумуштууларын бул жетишкендиги үчүн Россиянын билим берүү министри Валерий Фальков куттуктап, ведомстволор аралык сыйлык тапшырды.

"Үчүнчү вакцинаны иштеп чыккан адамдарга сыйлык тапшыруу мен үчүн жагымдуу. Сиздердин талыкпаган эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Фальков.

Анын атымында, борбордун айрым кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1388)

Тема боюнча

Министрлик: Кытай вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ