Россияга өтө кымбат мунай пайдалуу эмес. Абалга сереп

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
70 долларга дейре кымбаттаган кара майдын баасы жаздын келиши менен кайра артка кетти. Сырье Европадагы эмдөөгө байланыштуу көйгөйлөрдөн улам арзандады.
Рыноктун оюнчулары дүйнөлүк экономиканын калыптанышы басаңдап, мунай өндүрүмдөрүнө, эң оболу бензинге болгон суроо-талаптын түшүп кетишинен чочулашат. Мунайдын айланасындагы кырдаалга сереп салган макала РИА Новостиге жарыяланды.

Бир ылдыйлап, бир көтөрүлүп...

Мунай баасы термелүүдө. Кычкылтек рыногунда кырдаал кызып турат: жогорулап бараткан баа кайра төмөндөдү. Ай башында Brent үлгүсүнүн наркы коронавирус жайылганга чейинки 2020-жылдын январындагыдай деңгээлде – 70 доллардан өйдө эле. Бирок марттын ортосунда кайрадан 62 долларга чейин, ал эми 2018-жылдагы максимумга жетип калган WTI 59га түштү. Европада эмдөө ойдогудай кетпегени буга себеп болду.
Май куюучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Германия, Франция, Италия кыйыр таасирлеринен улам AstraZeneca препаратын пайдаланууну токтотту. Бул дүйнөлүк экономиканын калыптанышын басаңдатып, күйүүчү майга болгон суроо-талапты төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондуктан баа кайрадан ылдыйлоодо. Анткен менен рыноктогу кырдаал кыйла дурус экенин айтат Г.В.Плеханов атындагы өнөр жай экономикасы кафедрасынын доценти Олег Каленов.
"Коронавирус боюнча күрөштөгү тажрыйба үмүт жандырат. Ошону менен бирге эле өндүрүш көлөмү өсүп, транспорт кадимки иш тартибине түшөт", — деп белгилейт ал. – Эл аралык энергетикалык агенттик жарым жыл аралыгында мунай боюнча божомолун алгач ирет жогорулатты. Талдоочулар суткасына 96,5 миллион баррель деңгээлиндеги дүйнөлүк суроо-талапты (2020-жылдын жыйынтыгы — 91 миллион) күтүүдө.
Европадагы, Азиянын түндүгү жана АКШдагы адаттан тыш суук биринчи кварталда керектөөнүн өсүшүн өбөлгөлөдү. Натыйжада америкалык мунай жеткирүү көлөмү күнүнө убактылуу дээрлик үч жарым миллион баррелге түштү. Бирок ОПЕК+ келишиминдегилер апрелде көлөмдү көбөйтүүгө ашыкпай турууну туура көрүштү. Тек гана уруксат берилген Россия жана Казакстанда суткасына 130 миң жана 20 миң баррель кошмокчу. РФ вице-премьери Александр Новактын айтымында, Россия үчүн бул маанилүү, "анткени сезон талабы". Кеп биринчи кезекте аталган мамлекеттин ички рыногу жөнүндө. Күйүүчү-майлоочу майдын кошумча көлөмү экспортко чыгат. Ал бензиндин баасынын кымбатташын ооздуктоо үчүн ата мекендик керектөөгө гана жумшалат.

Жалпы аракеттер менен бааны көтөрүү

Сауд Аравиясы күнүнө миллион баррелдик ыктыярдуу чектөө укугун сактап калган. Жоготуулардын орду рыноктогу жагдайга жараша "өз убагында" толукталарын түшүндүрөт королдуктун энергетика министри, ханзаада Абдулазиз бен Салман. Айтмакчы, ОПЕК+ келишиминдегилер болуп көрбөгөндөй тартиптүү.
"Январда суткасына кен казуу 7,4 миллион баррелге кыскартылган. Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, бул 103%га, ал эми февралда 112%га аткарылган. Баанын жогорулашына таң калып болбойт", — дейт Россиядагы Эл достугу университетинин доценти Максим Черняев.
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жердеги нефть качан түгөнөт. Окумуштуунун божомолу таң калтырды
Кытай, Индия, ошондой эле Европадагы күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап калыбына келүүдө. Аталган мамлекеттерде өнөр жай активдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү марттын башында 2018-жылдагы деңгээлге чыккан.
Экономикага салына турган – дээрлик эки триллион доллар өлчөмүндөгү америкалык каражат да өз салымын кошот. Көбүрөөк сарпталып, товар ташуу үчүн керектелген бензинге болгон суроо-талап өйдөлөйт. Ошентсе да, Эл аралык энергетика агенттигиндегилер ири масштабдагы ийгиликтүү эмдөө кампаниясына, анын натыйжасында илдетке кабылгандардын азайышы жана карантиндик чектөөлөрдүн жумшарышына үмүт артат. Муну менен 2020-жылы "кыйраган" мунайга болгон суроо-талаптын 60 пайызга калыптанышын күтүп жатышат. Бирок каатчылыкка чейинки деңгээлге кайтууга кеминде эле эки жыл талап кылынарын боолголойт агенттик. Ошондуктан анын талдоочулары баанын кезектеги укмуштай циклине анчейин ишене беришпейт. Рынок кескин жана туруктуу өсүштү эптеп көрсөтүүдө.

Тескери жыйынтыкка кептелиши мүмкүн

Дүйнө жүзү боюнча сактагычтарында мунайдын көлөмү ашкере бойдон калууда. Ал тургай айрым экспортчулар башкаларга жеткирүүнү көбөйтүүгө ниеткер. Маселен, рынокко Ливия кайтты. Өлкөдө жарандык согуш маалында иштен чыккан тармактык объектилерди кайра ишке киргизишти. Болгондо да Ливияны ОПЕК+ келишиминдеги милдеттенмелерден бошотушкан. Ноябрдан тарта ал жакта суткасына миллиондон ашуун баррель казылууда.
Акыркы айларда аталган мамлекеттин борбордук бөлүгү жана батышындагы мунай кендерин иштетүүгө киришишмекчи. 2015-жылы жабылган бир нече аянтты калыбына келтиришет.
Нью-Йорк фондалык биржанын трейдерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жаңы толкун: нефтинин бешинчи суперцикли божомолдонууда
Бул дагы рыноктун оюнчуларын кооптондурбай койбойт. ОПЕКтегилер артыкбаш өндүрүш каатчылыгынан чочулашат. Ливиялык мунайдын "капташынан" сырткары, америкалык сланецтик индустриянын кайра жанданышы да баага таасир этиши ыктымал.
Анткен менен көтөрүлгөн баа кайра төмөндөй баштаганда нарк бир топко дейре жогорку деңгээлде кармалып турууга мүмкүнчүлүгү бар. Абдан ылдыйлап кеткенден кийин 75 долларга чыкканын эске алганда балким бир аз убакытка гана 60ка түшүп, негизинен 63-68 диапазонунда турар. Мунай казган өлкөлөр ушул баага жетүүнү кыялданып турган кездин өткөнүнө көп деле боло элек эмеспи. Ошентсе да 60 доллардан ылдыйкы баа россиялык экономикага кооптуу эмес экенин белгилешет.
"Абдан жогорку баа казынаны толтурууга жана мунай тармагындагы кызматкерлердин чыгымдарынын өсүшүнө жакшы таасир этет. Бул чынжырча аркылуу башка ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн пайда көрүшүн колдойт.
Экинчи жагынан, мунай казуу жана кайра иштетүүнүн ашкере кирешелүүлүгү ири өнөр жайчылардын сырье алууга байланышпаган долбоорлорду, анын ичинде IT жана жогорку технологияларды инвестициялоо каалоосун азайтышы ыктымал", — дейт TeleTrade маалыматтык-аналитикалык борборунун улук экономисти Петр Пушкарев.
Эгер мунай компанияларын салык менен ооздуктап турбаса, кымбат сырье тескери жыйынтыкка кептеп, экономиканын диверсификациясын жайлатат.
Россиянын быйылкы бюджетине Urals мунайы 43,3 долларга деп болжонгон.
"Эгер андан аз болсо, казына чыгымга учурайт. Оптималдуу диапазон — 43,3 – 80дин аралыгы. Ушундай көрүнүштө гана бюджет толукталат, ОПЕК+ келишимине кол койбогон өлкөлөр да кен казууну көбөйтүүгө ашыкпайт", — дейт Максим Черняев.
Ал ортодо россиялык экспорттук мунай эки жума катары менен Европада 65 доллардан сатылууда. Акыркы жолу мындай баа былтыр январда катталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0