Путин Медведевге дагы бир милдет такты

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңеш төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын Коопсуздук кеңеш төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Россия лидери Илим жана билим берүү боюнча президенттик кеңештин курамына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди киргизди.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Илим жана билим берүү боюнча президенттик кеңештин курамын бекитип, ага орун басар жетекчи кылып Коопсуздук кеңеш төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди дайындады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"РФ президентинин алдындагы Илим жана билим берүү кеңешинин ишин өркүндөтүү, аны менен катар эле мамлекеттин илимий-техникалык саясатынын майнаптуулугун арттыруу максатында токтом кылам: тиркелген жоболорду бекитүү, президенттин алдындагы Илим жана билим берүү кеңеши жөнүндө жобо, президенттин алдындагы Илим жана билим берүү кеңештин курамы, президенттин алдындагы Илим жана билим берүү кеңешинин президиуму", — деп айтылат документте.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
"Кыргызстандан сувенир ала келдиңизби?". Лавров түрк кесиптешин тамашалады
Жарлыкка ылайык, президент кеңешти жетектейт, аны менен бирге эле Илим жана билим берүү боюнча президенттик кеңештин курамына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди киргизди, тагыраагы, орун басар кылып дайындады.
Кеңештин курамына мамлекеттик башчынын жардамчысы Андрей Фурсенко жана Коопсуздук кеңешинин биринчи катчысынын орун басары Юрий Аверьянов да кирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0