Россияда H5N8 вирусу жуккан алгачкы учур катталды. Дарт эмнеси менен кооптуу

© AP Photo / Bob EdmeКуш тумоосуна каршы профилактикалык иштер. Архив
Куш тумоосуна каршы профилактикалык иштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Вирус мутацияланып, адамдан адамга жуга баштайт деген коркунуч бар. Адистер бардык нерсеге даяр болууга чакырып жатышат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Россиянын Саламатык сактоо министрлиги каттаган КовиВак деп аталган COVID-19дун үчүнчү вакцинасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Россияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина каттоодон өттү
Ал аталган вирус азырынча адамдан адамга жукпай турганын белгилеп, ошону менен бирге кийинки мутациясы жугуу кооптуулугун жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Вирус кишиден кишиге жуккудай болгучакты биз, дүйнө жүзү, даярданып, бардык өзгөрүүлөргө карайлабай, өз убагында жооп кайтара алгыдай деңгээлге жетишибиз керек. Мында тест-система иштеп чыгуу, вакциналык платформаларды даярдоо тууралуу сөз болуп жатат", — деди Попова.
Ал ушул алкактан алып караганда россиялык окумуштуулардын эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0