Красноярскиде фабрика кыйрады. Бир жумушчу каза таап, дагы экөө изделүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын Красноярск крайындагы Норильск кенди байытуучу фабрикасынын 1000 чарчы метрди түзгөн цехи кыйрап, бир адам каза болду
Россиянын Красноярск крайындагы Норильск кенди байытуучу фабрикасынын 1000 чарчы метрди түзгөн цехи кыйрап, бир адам каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Тергөө комитети коопсуздук эрежелерин бузуу, эки же андан ашык адам өмүрүн алуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ал жакта 195 куткаруучу, 57 түрдүү техника иштеп жатат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россиянын Красноярск крайындагы Норильск кенди байытуучу фабрикасынын 1000 чарчы метрди түзгөн цехи кыйрап, бир адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык өкүлүнө билдирүү Москва убактысы боюнча саат 00:44 чамаларында түшкөн.
Учения МЧС в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Москванын чок ортосунда эки кабаттуу имарат өрттөнүп, 40 киши эвакуацияланды
Кыйраган имараттын алдынан эки жумушчу өз алдынча чыккан. Төртөөнү куткаруучулар алып чыгып, алардын бири дарыгерлердин колунда көз жумган, дагы эки жумушчуну издөө иштери уланып жатат.
Прокуратура өндүрүштүк коопсуздукту бузуу боюнча текшерүүнү баштады, алардын алдын ала маалыматы боюнча, кырсык ишкананын тирөөчтөрүн күчтөндүрүү үчүн курулуш иштерин жасап жаткан маалда болгон.
"Такталган маалыматтарга караганда, жалпы 1000 чарчы метр кыйраган. Куткаруучулар үч сменде иштеп, байма-бай тынчтык убактысы жарыяланууда", — деп айтылат укук коргоо органдарынын кабарында.
Тергөө комитети коопсуздук эрежелерин бузуу, эки же андан ашык адам өмүрүн алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ал жакта 195 куткаруучу, 57 түрдүү техника куткаруу иштерин аткарып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0