"Спутник V" вакцинасы мусулмандар үчүн адал экени айтылды

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын кармап турат
Медицина кызматкери COVID-19га каршы Спутник V вакцинасын кармап турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препараттын эмнеден жасалары ойлондурган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиялык "Спутник V" вакцинасынын курамында мусулмандар үчүн тыюу салынган кошулмалар жок. Бул тууралуу Россиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдиргенин РИА Новости жазды.
Муфтий мындай бүтүмгө вакцинаны иштеп чыккандардын берген маалыматынын негизинде келген.
Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан эле. Айрыкча дин адамдарын препаратты даярдоо учурунда чочконун желатини колдонулган-колдонулбаганы ойлондурган.
"Вакцинаны жасагандардан жооп келди. Препаратта чочконун желатини же кандайдыр бир адамга тийиштүү компоненттер (клеткалык линиялар) жок. Исламдын көз карашы менен алып караганда курамында тыюу салынган эч нерсе жок", — деди Аляутдинов.
BIOCAD компаниясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
"Спутник V" вакцинасы: The Lancet үчүнчү баскычтын жыйынтыгын жарыялады
Ал ошондой эле вакцинанын түзүүчүлөрүнө тактоочу суроолор жиберилгенин айтты.
"Бул боюнча фатва чыгарганы жатабыз", — деди муфтий.
Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0