Захарова: Батыш баары бир санкцияга шылтоо табат

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Соттор ушуну менен Навальныйдын шарттуу мөөнөтүн өзгөртүүнү өтүнгөн Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФЖАК) сунушун үчүнчү жолу карап чыкты.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Алексей Навальныйдын ишине байланыштуу Батыштын антироссиялык санкциялары тууралуу пикир билдирип жатып бул өлкөлөргө мындай кадам үчүн себеп деле кереги жок экенин айтты.
"Алар маселенин өзөгүнө карашпайт, бул талашсыз. Бардык шылтоо жарай берет. Эгер себеп болсо аны кайдан да болсо чукуп таап чыгышат, жок болсо өздөрү жасап ийишет. Бул 2020, 2016, 2011-жылдары колдонулган тактика. Мындай ооздуктоо саясаты көп жылдан бери колдонулуп келүүдө. Буга ар кандай себеп жарай берерин көрүп келе жатабыз. Иш жүзүндө абал кандай экенин, тигил же бул кырдаалдын чоо-жайын иликтеп отурушпайт", — деди дипломат "Соловьев LIVE" эфиринде.
Шейшемби күнү Москванын Симоновский соту Навальныйдын "Ив Роше" иши боюнча шарттуу мөөнөтүн жалпы тартиптеги абакта 3,5 жылга чейин эркинен ажыратууга өзгөрткөн. Ушундан кийин бир катар мамлекеттер, алардын арасында АКШ, Германия, Франция жана Улуу Британия бар, Россия бийлигин Навальныйды бошотууга үндөп кайрылган.
RT жана Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Кадыры кетип баратат. Симоньяндын Навальный тууралуу билдирүүсү
ТИМ буга чейин Навальныйдын окуясы тууралуу сүйлөгөн чет элдик саясатчыларды эл аралык укук нормаларын сыйлап, өз өлкөсүндөгү көйгөйлөр менен алек болууга чакырган. Ведомствонун жетекчиси Сергей Лавров батыш саясатчыларынын билдирүүлөрү "коёндой окшош" болуп жатканын айтса, президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль чет жактын Навальный тууралуу кеп-сөзүн кулак сыртынан кетирерин белгилеген.
Соттор ушуну менен Навальныйдын шарттуу мөөнөтүн өзгөртүүнү өтүнгөн Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФЖАК) сунушун үчүнчү жолу карап чыкты. Бардык учурда сыноо мөөнөтү узарып келе жаткан. ФЖАКтын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда эле Навальный инспекцияга келип каттоодон өтпөй, кеминде 60 ирет эреже бузган (айына эки жолу келип каттоодон өтүп турууга милдеттүү). Мындан улам ири айып пулдан тарта шарттуу жаза мөөнөтүн өтөөгө чейинки чаралар каралган. Мындай жаза Россияда кеңири колдонулат, былтыр эле 11,3 миң адамдын шарттуу мөөнөтү абакка алмаштырылган. 2019-жылы көрсөткүч 15 миң адамды түзгөн.
Геленджиктеги хан сарай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Геленджиктеги "хан сарай" чындыгында кандай көрүнөт. Видеорепортаж
Навальный саясий ишмердиги үчүн куугунтукка алынып жатат деген билдирүүлөрдү Европанын адам укугу боюнча соту четке какты. Страсбург үй камагына алынганы үчүн компенсация төлөөнү милдеттендирсе да "Ив Роше" ишинде саясий боёк жок экенин тастыктаган өкүм чыгарганы маалым (дал ушул иш боюнча даттануу түшкөн). Россия бийлиги акчаны толугу менен төлөп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0