Бутина ТИМдин алдында Латвия журналисттерине тилектештик билдирип пикетке чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКоомдук палатанын мүчөсү, Америкадагы түрмөдөн бошонуп чыккан Мария Бутина
Коомдук палатанын мүчөсү, Америкадагы түрмөдөн бошонуп чыккан Мария Бутина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Бул акция Россиянын ТИМи Сергей Лавров менен анын швециялык кесиптеши Анн Линденин Москвадагы жолугушуусунун алдында болгон.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Коомдук палатанын мүчөсү, Америкадагы түрмөдөн бошонуп чыккан Мария Бутина ТИМдин жанындагы Кабыл алуу үйүнүн алдында Латвиядагы сөз эркиндигинин кризисине жана орус тилдүү журналисттерге кысым жасалып жатканына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында пикетке чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул акция Россиянын ТИМи Сергей Лавров менен анын швециялык кесиптеши Анн Линденин Москвадагы жолугушуусунун алдында болгон. Ал Россия борборуна ЕККУнун учурдагы төрайымы катары келген.
"Мен анын (Линде —ред.) көңүлүн Латвияда биздин мекендештерге, журналисттерге жасалып жаткан мамилеге, укуксуздукка көңүлүн бурайын деп ушул жерге чыктым. Журналисттерди 3-декабрда катуу тинтүүгө алган. Бул кишилерге карата россиялык ЖМК менен кызматташканы үчүн кылмыш ишин козгошкон", — деди Бутина.
Анын айтымында, Латвия бийлиги өзүнүн көз карашын айтууга ниеттенгендердин оозун басууга аракет кылып жатат.
Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү, Россия сегодня медиа тобунун аткаруучу директору Кирилл Вышинский митинг учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Эреже бузулду! Вышинский менен Бутина Латвия элчилигинин алдына митингге чыкты
"Бир гана көз караш мааниге ээ болуп калган дүйнөдө жашоону элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Андыктан бүгүн мен ушул жерге чыктым", — деген Бутина.
Ал Европанын жарандарынын эркиндиги жана укуктары үчүн кепил болгон ЕККУга Россия бир нече ирет кайрылып, кырдаалга түшүндүрмө берүүнү сураганы эч кандай реакция болбогонун эске салды.
"Буга жооп берүүнү талап кылабыз. Абалдын кандай экени жазылган бул плакатты көтөрүп келишим кандайдыр бир реакцияны жаратат деген ойдомун. ЕККУ Латвияда мекендештерибиз эмне болуп жатканы боюнча көрүнүштү сындап, тиешелүү чараларды кабыл алышы керек", — деген Бутина.
Ал көтөрүп чыккан плакатта англис тилинде "Латвиядагы журналисттерди кысымга алууну токтоткула" деген сөз жазылган.
Baltnews.lv агенттиги менен кызматташкан латвиялык журналист Алла Березовская - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Россиялык ЖМК менен иштешкен журналист: неберемдин планшетине чейин текшеришти
Балтика боюндагы өлкөлөрдүн бийлиги россиялык ЖМКлардын ишине дайыма бут тосуп келет. Россия ТИМи белгилегендей, Таллин, Рига жана Вильнюстун аракеттеринде биригип, сүйлөшүп алып кылган иштин изи байкалып турат. Аталган мамлекеттерде ЖМКларга байланыштуу абал демократия менен сөз эркиндигинин принциптерин карманарын айтымыш болуп, иш жүзүндө демагогиялык билдирүүлөрдү жасап келерин айткан.
Декабрь айында латвиялык журналисттер, анын ичинде Baltnews жана Sputnik Латвия менен кызматташкан журналисттерди Евробиримдиктин санкция тартибин бузду деп айыпташкан. Аларды тинтип, текшерип, журналисттерге чет жакка чыгууга тыюу салышкан. Алар акчалай айыптан тарта түрмөгө чейин отуруу жазасын алышы мүмкүн.
"Sputnik Латвия" менен Baltnews "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги аркылуу байланышта. Бул ЖМКга жазган латвиялык журналисттер алардын кызматкерлери катары эсептелбейт, болгону алар штаттан тышкаркы автор катары кызматташат.
Здание МИД России в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2021
РФ ТИМи Украина менен Балтикада ЖМКга жасалган басымга тынчсызданууда
Россия ТИМи латвиялык бийликтин бул кылыгын жазалоо акциясы жана демократиялык коомдун негиздерин — ЖМК эркиндиги, пикирди билдирүүнү тебелеп-тепсеген кыжырды кайнаткан мисал деп атады. Мындан сырткары, журналисттерди санкция тартибин бузду деп айыптоо жеке мүнөздөгү иш жана ал "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин директору Дмитрий Киселевго тиешелүү экенин айтышты. Тагыраагы, анын медиахолдинг менен кызматташкан журналисттерге эч кандай байланышы жок.
RT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян Россия орус тилдүү журналисттерге ачылган кылмыш иштери боюнча жооп берет деген ишеничин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0