РФ: мамлекеттик кызмат порталына COVID-19га каршы вакцина алчулар каттала алат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедайым вакцинана менен шприцти кармап турат. Архив
Медайым вакцинана менен шприцти кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Вакцина ала турган адам өзүнө ылайыктуу убакыт-саатты жана медициналык уюмду тандашы керектиги айтылды.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина алууну каалагандар РФтин субъектилеринин жашоочулары үчүн атайын адистештирилип жасалган мамлекеттик кызматтын порталына катталса болот. Бул туурасында РИА Новости вице-премьер Дмитрий Чернышенкого таянып кабарлады.
"31-январда, жекшемби күнү, мамлекеттик кызматтардын порталында COVID-19га каршы вакцина алууну каалагандар жазыла турган адистештирилген форма киргизилди. Буга чейин 18-январдан бери аталган кызмат тесттик тартипти иштеп жаткан. Анткен менен өзүнүн милдетин аткарды, аймактар саламаттык сактоо системасы менен аталган порталдын негизинде өз ара иштөө ыңгайын таап алды", — деди Чернышенко РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин вице-премьерлер менен өткөргөн жыйынында.
Анын айтымына караганда, эми мамлекеттик кызматтар боюнча порталдын баракчасында керектүү бөлүмгө кире турган өзүнчө баннер пайда болду.
Медициналык кызматкер ПЦР-тести кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Өлкөгө ПЦР-тести жок келгендер эмне болот? Жаңы эреженин түшүндүрмөсү
"Бул формада колдонуучулардын маалыматтары автоматтык түрдө алдын ала толтурулган. Андыктан эч нерсени деле киргизип кереги жок, болгону вакцина ала турган адам өзүнө ылайыктуу убакыт-саатты жана медициналык уюмду тандашы керек", — деди вице-премьер.
Чиновник тандалган медициналык уюмда жазылуучуларды кабыл алууга бош орун жок болсо, анда жаран күтүү баракчасына арыз калтырышы керектигин кошумчалады.
"Ал эч жакка жоголуп кетпейт, бош орун болгондо арыз калтырган кишиге маалымат келет", — деп сөзүн жыйынтыктады Чернышенко.
Учурда Россияда коронавируска каршы өздөрү жасап чыккан вакцина акысыз сайылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0