Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНесанкционированные акции сторонников А. Навального
Несанкционированные акции сторонников А. Навального - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди. 
Полиция үн күчөткүч менен сүйлөп акциянын катышуучуларына социалдык дистанцияны сактоону, бет кап, кол кап тагынууну жана бул макулдашылбаган акция экенин эскерткен. Күч түзүмдөрү плакат көтөрүп чыккан жана жүзүн көрсөтпөй жүргөн адамдарды кармап жатат. Азырынча канча адам кармалганы туурасында так маалымат жок.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров ЕБдин Навальный чырына байланыштуу санкциясы боюнча үн катты
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген. Муну провокация катары баалап, коомдук тартипти бузгандарга дароо чара көрүлөрү айтылган. Аны менен катар Башкы прокуратура мыйзамда тыюу салынган иш-чараларга келүүгө чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактан блоктоп салууну талап кылган.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун акцияга белгилүү бир чагымчылдар чакырык таштап жатканын билдирди.
Ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттердин акцияга чыгышына бөгөт коюу боюнча ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Россиянын шаардык бийликтери буга чейин коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0