Каарман деп ушуларды айт! Муз каптаган өрт өчүрүүчүлөрдүн видеосу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү. Архив
Өрт өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерлердин бири атайын кийимди жана курду толугу менен каптап калган муздан улам чече албай жатканда ага кесиптештери күлкү аралаш жардамга келген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Якутскидеги өрт өчүрүүчүлөр эшикте -54 градус суук болуп турганда иштегендиктен, костюмдары тоңуп калган. Бул туурасында НТВ каналы маалымат таратты.
Видеодон тилсиз жоону жеңип, кеңсесине кайтканда башка кесиптештери алардын кийиминдеги муздарды балка менен чагып түшүрүп жатканын көрүүгө болот.
Жүрөк үшүн алган таңкы кырсык. Краснодардагы ири өрттүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк үшүн алган таңкы кырсык. Краснодардагы ири өрттүн видеосу
Андан сырткары, дагы бир өрт өчүрүүчүнүн башында каскасын каптап катып калган музду дагы бир кесиптеши жерге каккылап түшүрүп жатканы видеого түшүп калган.
Ал эми кызматкерлердин бири атайын кийимди жана курду толугу менен каптап калган муздан улам чече албай жатат. Өрт өчүрүүчүгө жардам берген кесиптештеринин күлкү аралаш аны тамашалап жаткандыгын угууга болот.
Телеканалдын маалыматына караганда, Якутскиде ал күнү суук -54 градуска жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0