Сергей Лавровдун маалымат жыйыны өттү. Козголгон маселелер

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министринин жыл сайын уюштурчу маалымат жыйыны бул сапар үч саатка созулду. Урунттуу учурларын сунуштайбыз.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.
Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.
  • Россиянын ТИМи бийлик басым жасап жаткан Латвиядагы Sputnik жана Baltnews агенттиктеринин журналисттерине колдоо көрсөтүүдө. Министрлик эл аралык уюмдардан чара көрүүнү талап кыла бермекчи. Ошондой эле юристтер менен Мекендештердин укугун коргоо фонду ишке киришет;
  • АКШнын тышкы саясатынын маани-маңызы жаңы администрациянын келиши менен өзгөрүп кетпейт. Мындан ары дагы "америкалык жашоо түшүнүгүн" таңуулоо улана бермекчи. АКШ Россия — Кытай мамилесин суутууга аракет жасайт;
  • АКШ бийлиги интернетти көзөмөлгө алууну ойлонууда. Ошондуктан америкалык коомчулук тармактын эркиндигин талашышы керек. Дональд Трамптын соцтармактан четтеп калышына комментарий берген Лавров АКШ Адам укуктары жөнүндөгү конвенцияга кол койгонун эскертти. Ага ылайык, ар бир адам жашаган жерине карабастан маалыматка ээ боло алат. Ошондуктан Facebook, Twitter же YouTube тармактарынын милдеттенмеси жок деп айтууга болбойт. Милдет мамлекеттин мойнунда, ал бул укукту бардык жарандарга камсыздашы керек;
  • АКШ пандемияны басым жасоого, шантаж кылууга, ультиматум коюуга колдонду. Ошондой эле башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү үчүн бир тараптуу чектөөлөрдү коюп жатты. Мисалга Беларусту алсак болот. Батыш БУУнун пандемия учурунда медикаменттерди жеткирүүдө коюлган санкцияларды токтотуп туруу чакырыгын тоготпой койду;
  • Тоолуу Карабахтын статусу Азербайжан, Армения жана Россиянын үч тараптуу келишиминде көрсөтүлгөн эмес. Тоолуу Карабахты курамына киргизип алуу Россиянын оюнда дагы жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0