Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВакцинация от COVID-19 в Москве
Вакцинация от COVID-19 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элди жапырт эмдөөнү 18-январдан тарта баштоо туурасында өткөн жумада президент Владимир Путин айткан эле. Каалагандар катталган эки вакцинанын бирин ала алышат.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россиянын бардык жеринде бүгүндөн, 18-январдан тарта, коронавируска каршы жапырт эмдөө башталгандыгын РИА Новости жазды.
Россиялыктар каттоодон өткөн "Спутник V" же "ЭпиВакКорона" вакциналарынын бирин өзүнүн тандоосу менен ала алат. Эмдөө бекер.
В Москве началась вакцинация от COVID-19 для людей старше 60 лет - Sputnik Кыргызстан
Россиянын "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды
Былтыр декабрда Россияда жарандардын аныкталган категориясына эмдөө жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания башталган. Ириде медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, өнөкөт оорусу барларга жана социалдык тейлөө тармагында иштегендерге жасалган.
13-январда Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коронавируска каршы эмдөөнү жапырт жасоо боюнча тапшырма берген.
Көп убакыт өтпөй Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аймактарда COVID-19га каршы вакцинаны сайган жайларды көбөйтүү ишин колго алган.
Учурда Россияда "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары иштелип чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0