Мамдума депутаты: кыргызстандыктар Россияда ишсиз калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик думанын депутаты Никита Березин
Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, жакын арада мигранттар Россиянын эмгек рыногунан өздөрүнө ылайыктуу жумуш тапса болот.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияга кайрадан кетип жаткан кыргызстандыктар мурда иштеп жүргөн тармактардан жумуш таба алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин билдирди.
"Биздин өлкөгө иштегени келип жаткан чет элдиктер жергиликтүү калктай эле өзүн ыңгайлуу сезип, көздөгөн нерсесине жетиши үчүн Мамлекеттик дума мыйзамдарды кабыл алып жатат. Россияга мурдагыдай эле куруучулар, шыбакчылар сыяктуу адистер керек", — деди Березин.
Ошондой эле ал пандемия айрым нерселерди өзгөртүп койгонун, андыктан айрым мигранттар жаңы нерселерди өздөштүрүшү керектигин кошумчалады.
Мындан тышкары, ал азыр дүйнө элинин негизги максаты коронавирусту жеңип чыгуу экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0