Песков: Путин Батышка мурдагыдай эле жылуу мамиле кылат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Песков маек учурунда Россия өзүнүн кызыкчылыгын көздөшү керектигин жана Батыштын маселесине айланып туруп албоо зарылдыгын билдирген.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батышка мурдагыдай эле жылуу мамиле кылып жана ар дайым ачык болууну айтып келет. Бул жана буга окшогон бир катар пикирин Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков эфирде билдирди.
"Ал (Путин – ред.) Батышка баары бир жакшы мамиле кылат. Батышка касташып мамиле кылуу туура эмес болуп калат", – деген ал YouTube каналдагы "Соловьев Live" эфиринде.
"Ар дайым ачык болуу керек. Муну Путин көрсөтүп келет. Ал бардыгына биз диалогго кызыкдар экенибизди, биргелешип ири долбоорлорду ишке ашырууну каалай турганыбызды баса белгилеп жүрөт", — деп кошумчалаган маалымат катчы.
Вашингтондогу Эндрю Жексондун айкелин кулатууга аракет кылып жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
Батыштын тарыхты бурмалоо аракети ишке ашып келе жатат
Песков Батыш бул – технологиялар деп эскертип, анын менен кошо "биз дагы көп параметрден алганда алардан калып калабыз" деген пикирин билдирген. Батыш бай маданият экендигин бекемдеп, "аны менен да бөлүшө турган да учурлар бардыгын" айтып, "анткен менен биздин да маданий деңгээлибиз жогору" деген пикирин билдирген.
"Батыш деген тамыр. Өзгөчө, Европа. Жаңы, АКШ деген мамлекет туурасында айтканыбыз жок. Аны жакшы көрбөй коюуга мүмкүн эмес. Ал эми басып алуучулугун жек көрсө болот", — деген Песков.
Ал маек учурунда Россия өзүнүн кызыкчылыгын көздөшү керектигин жана Батыштын маселесине айланып туруп албоо зарылдыгын билдирген. Аны менен бирге эле Батышка таарынууга да болбой тургандыгын кошумчалаган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0