6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?

© Sputnik / Нина Падалко / Медиабанкка өтүүМиГ-31 истретибели. Архив
МиГ-31 истретибели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык табышмактуу стелс-истребитель "оюн эрежелерин" өзгөртүп коюшу мүмкүн. Дүйнөдөгү эң ыкчам учактын асманга алгачкы талпынышын планетанын бир топ өлкөлөрүндөгү адистер чыдамсыздык менен күтүүдө.
Россия бешинчи муундагы Су-57 истребителинин сериялык өндүрүш технологиясын өздөштүрө алды. Жакынкы космоско чыгууга жөндөмдүү, эң купуялуу, эң ыкчам жана кубаттуу МиГ-41 машинасын жаратууга ишенимдүү кадам шилтөөдө. Бул сапар аскерий баяндамачы Александр Хроленко алтынчы муундагы аппаратты мүнөздөгөн.
2020-жылы жайында Су-57 истребителинин сериялык өндүрүшүнүн башталышы россиялык коргоо-өнөр жай комплексинин бардык максаттуу каражаттары жана илимий-техникалык ресурстары алтынчы муундагы долбоорду, тагыраак МиГ-41 истребителин жасоону тездик менен ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ал уникалдуу МиГ-31 кармоочу истребителинин концепциясынын негизинде жасалмакчы, ал да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп
МиГ-31дин крейсердик ылдамдыгы рекорддук 2,3 Махты (максималдуу — 2,8 Мах) түзөт. Төртүнчү муундагы оор МиГ-31 кармоочу истребители бешинчи муундагы аскердик машиналар пайда болгонуна карабай дүйнөдө кубаттуу аба "күрөшчүсү" болуп саналат. Ал 25 миң метрге чейинки бийиктикте курал колдонууга жана саатына 3000 чакырым ылдамдыкта 9 тонналык салмактагы арсеналды ташый алат. Гипер үндүү ракеталар менен МиГ-31БМ аэродромдон бир нече мүнөттө көтөрүлүп, чабуулдун чегине чыгат. Буталары – 3000 чакырымга чейинки аралыктан (кошумча май куюлбастан) душмандын командалык пунктулары, авиаташуучулар жана башка маанилүү аскердик объектилери.
МиГ-31 үчүн иштелип чыккан "аба – аба" тибиндеги Р-37 ракетасы АВАКС учактарын, командалык пунктуларды жана танкерлерди 400 чакырымга чейинки аралыктан кыйрата алат. Абадан коргонуу жана Ракетага каршы коргонуу жаатында төрт МиГ-31 истребители фронт боюнча жана 300 метр тереңдикте 1000 чакырымдык аралыктан аба мейкиндигин көзөмөлдөй алат.
Фазалык антенналык тору бар борттук радиолокациялык тутуму кыска, орто жана 320 чакырымга чейинки чоң бийиктиктен буталарын "көрөт". Учак автоматтык түрдө онго чейинки бутаны коштоп, 200 чакырымга чейинки аралыктан бир эле убакта артыкчылыктуу төрт-алтоону тандап алат.
Төртүнчү муундагы МиГ-31 кармоочу-истребителинин өзгөчө мүнөздөмөлөрүнөн улам көктө алтынчы муундагы МиГ-41дин пайда болушу мүмкүн эместей, фантастикалык көрүнөр, бирок учак ушул тапта чертеж менен чектелбейт.

Алтынчы муундагы кубаттуулук

Келечегинен көптү үмүттөндүргөн, ыраактан колго түшүрүүчү МиГ-41 авиациялык комплекси МиГ-31дин ордуна иштелип чыгууда. "МиГ" корпорациясы жакынкы жылдары алтынчы муундагы кармоочу-истребителин абага чыгарары толук мүмкүн. Айрым белгилери чоң сапаттык секириктен кабар берет.
Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
МиГ-41 боюнча сынамык-илимий иштер баскычында эле, тагыраак, 2018-жылдын августунда корпорациянын башкы директору Илья Тарасенко технологиялык жактан жапжаңы учак 4-5 Мах, башкача айтканда, саатына 6000 чакырымдан ашуун ылдамдыкта учуп, космосто тапшырмаларды аткара аларын билдирген. Алтынчы муундагы МиГ-41 истребителинин негизги учкучсуз версиясын өндүрүүгө өтүү менен азыр учкуч тескеген аппарат иштелип чыгып жатканы белгилүү.
Куралдын көлөмү жана мүнөздөмөлөрү ачык айтылбайт, бирок жаңы МиГ-41 истребители МиГ-31БМдан гипер үндүү ракеталуу "Кинжал" авиациялык комплексин мурастап калышы ыктымал. Белгилүү болгондой, 2000 чакырымга чейинки аралыктан болжолдуу душмандын абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуучу бардык тутумдарын "алаканга салгандай көрөт".
Мурдараак Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн мурдагы командачысы Виктор Бондарев журналисттерге МиГ-41 ыраактан аракет этүүчү "аба – аба" тибиндеги Р-37 жана ошондой эле жапжаңы ракеталарды ташымакчы. Кармоочу истребителинин мыкты учуш сапаттары болот, ал эми анын куралданышы РФтин ракетага каршы коргонуу тутумунун бышыктыгын арттырат.
Бүгүн жаңы муундагы авиациялык ракеталар жаралып, лазердик курал жакшы өнүгүүдө. "Известия" басылмасы маалымдагандай, алтынчы муундагы истребитель "ыраак аралыктан гипер үндүү ракеталарды кыйрата алчу көп функционалдуу ракеталык-кармоочу тутумун" ташыйт.
Адистешкен Military Watch басылмасы гипер үндүү МиГ-41 учагы МиГ-25 жана МиГ-31дин артыкчылыктарын өзүнө топтоп, кийинки муундагы технологиялардын эсебинен кыйла жакшыртылып, душмандын космостук аппаратына коркунуч туудура аларын белгилеген.
The National Interest аналитикалык басылмасы МиГ-41 учагына макалалардын бүтүндөй түрмөгүн арнаган. Алардын биринде алтынчы муундагы россиялык купуя стелс-истребитель "оюн эрежелерин өзгөртө" аларын, муну танууга болбостугу айтылат.

Конструктивдүү өзгөчөлүктөр

Ми-28Н тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда

Долбоордук мүнөздөмөлөр жана келечектүү учактардын сүрөттөрүнө карап бааласак, МиГ-41 истребители учуучу канат прициби боюнча жасалууда. Бул жогорку маневрдүүлүктү, көп байкалбастыкты жана саатына 4500 чакырымдан ашуун крейсердик үндөн ыкчам ылдамдыкты камсыз кылат. Мында төртүнчү муундагы МиГ-31 бышык корпусунун түзүлүшүнөн улам узак динамикалык жана температуралык жүктү көтөрө алат. Белгилей кетсек, анын 50 пайызы болоттон, 33 пайызы алюминий эритмелеринен жана 16 пайызы титандан турат.

МиГ-41 космостук технологиялар жана радарларга көрүнбөс, ашыкча жүккө, жогорку да, төмөн да температурага чыдамдуу композиттик материалдардын ширелиши (айкалышы) болушу мүмкүн. Конструкторлорго абдан татаал технологиялык милдеттерди аткарууга туура келет. Атап айтканда, алар жаңы истребителге жасалма интеллектини орнотууга тийиш.
Баары бир роботтоштурулган башкаруу тутумдары коркунуч жана буталарга тез реакция кылат, гипер үндүүлөргө жакындаган ылдамдыкта бурулуулар менен болуп көрбөгөндөй ашыкча жүктү да эч көйгөйсүз көтөрө алат (ал эми адамдын физиологиялык мүмкүнчүлүгү чектелүү эмеспи). Жогоруда белгилегендей, көптөгөн өлкөлөрдүн адистери дүйнөдөгү эң ыкчам МиГ-41 истребителинин биринчи учушун чыдамсыздык менен күтүүдө. Генерал-полковник Виктор Бондаревдун айтымында, куралдуу күчтөргө жаңы машина 2025-жылдан эрте тийбеси анык.
МиГ-41 көп функционалдуу истребитель долбоорун жүзөгө ашыруу — МиГ-31ди алмаштыруу гана эмес, технологиялык революция, алтынчы муундагы истребителдик авиациянын негизги параметрлерин түзүү. Мында да Россия бүтүндөй планетада алдыда.
Жаңылыктар түрмөгү
0