Россия жарандарына аралыктан иштөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат берди

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүУдаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса
Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамда аралыктан иштөөнүн үч түрү каралган. Жумуш берүүчү өзгөчө абал учурунда кызматкерлерди алардын макулдугусуз аралыктан иштөөгө өткөрө алат.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Россиянын жарандарына мыйзамдуу түрдө аралыктан иштөөгө уруксат берилип, ошону менен бирге кеңсе форматындагы жумушту айкалыштырууга мүмкүнчүлүк жаралды. Тиешелүү мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирип, документ укуктук маалыматтын интернет-порталына жарыяланды.
Мыйзамда аралыктан иштөөнүн үч түрү каралган:
  • дистанттык иш — кызматкер жумуш берүүчүнүн аймагынан тыш аймакта өзүнүн милдеттерин аралыктан аткарат;
  • убактылуу аралыктан иштөө — кызматкер белгилүү бир мөөнөткө жумушту алыскы режимге өткөрөт;
  • айкалышкан — аралыктан жана толук кандуу иштөөнү айкалыштырып иштөөнү билдирет.
Жумуш берүүчү өзгөчө абал учурунда кызматкерлерди алардын макулдугусуз аралыктан иштөөгө өткөрө алат. Бирок аларды керектүү каражат менен камсыз кылууга же анын чыгымын төлөп берүүгө милдеттүү. Мындай режимде айлык кыскарбайт жана иш сапарларына акча төлөнөт.
Кызматкер алыстан иштесе да жумушун так аткарууга тийиш. Жумушчу менен жетекчинин ортосундагы бир катар макулдашуулар электрондук түрдө бүткөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0