Россияда мигранттардын саны дээрлик эки эсеге кыскарды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүОчереди мигрантов в УФМС
Очереди мигрантов в УФМС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФте чет элдик жарандардын көбү ири шаарлардагы жана экономикалык борборлордогу эмгек мигранттары экендиги айтылат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россияда мигранттардын саны азыркы күндө алты миллионго чукулдайт. Мындай маалыматты РФтин Ички иштер министрлигине таянып РИА Новости жазды.

Министрлик адатта бул көрсөткүч 11 миллионго жетиши мүмкүн экенин белгилеген.

"Россия Федерациясына жыл сайын 9 миллиондон 11 миллионго чейин чет элдик мигранттар келип кетишет. Быйыл алардын саны акырындап кыскарды. Бүгүнкү күндө 6,3 миллионду түзөт. Ошол эле учурда миллионго жакын адам убактылуу жашап турууга же жашоого уруксат алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме ошондой эле каттоого алынган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү патент менен иштеп келерин кошумчалаган.

Курулуш объектте ишкер - Sputnik Кыргызстан
Россияда мигранттар азайгандыктан курулуш тармагында көйгөй жаралды
"2020-жылдын 1-ноябрына карата Россияда патенттин негизинде 1,3 миллион чет элдик жаран иштеп жатат, 85 миң мигранттын иштөөгө уруксаты бар. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары менен 368 миң эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн", — деп белгиледи ИИМ.

Мындан тышкары, Россиядагы чет элдик жарандардын көбү ири шаарлардагы жана экономикалык борборлордогу эмгек мигранттары экендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0