Жылдын машыгуусу: РФ стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ракеталары кандай иштейт?

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРепетиция Парада Победы на полигоне в Алабино
Репетиция Парада Победы на полигоне в Алабино - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл жаңырар убакта өзөктүк триаданын (көк, деңиз жана кургакта) стратегиялык ракеталарын машыгуу алкагында учуруу менен Россия өзү менен болгон алакада аскердик-саясий кысым жана ультиматумдарга жол берилбестигин ынанымдуу эскертти.

Россиянын куралдуу күчтөрү 9-декабрда Стратегиялык өзөктүк күчтөрдү башкаруу боюнча машыгуу өткөрдү. Баренц деңизинин акваториясынан, Плесецк космодромунан, ошондой эле Ту-160 жана Ту-95МС учактары менен "Ярс" жана "Синева" баллистикалык ракеталары, ыраакка ылайыкталган Х-101 жана Х-555 таамай канаттуу баллистикалык ракеталары коё берилген. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул машыгууга, ага түрткү болгон себептерге сереп салган.

Түндүк флоттун атомдук субмариналар, Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр жана стратегиялык авиациянын экипаждарынын эсеби так жана ийгиликтүү иш алып барган. Кура жана Пембой (Коми республикасы) полигондорундагы (Камчатка жарым аралы) буталары аскердик колдонуудагы чектерден миңдеген чакырым аралыктан кыйратылды. Эске салсак, континенттер аралык "Ярс" баллистикалык ракеталарынын (КБР) максималдуу ыраактыгы – 11000 чакырым, "Синева" КБРдин эң алыскы ыраактыгы – 8300 чакырым, Х-101 абадагы канаттуу ракеталарыныкы (АКР) – 5500 чакырым, ал эми Х-555(АКР) – 2500 чакырым.

БМПТ Терминатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Топ жарган техника": Россия танк кармашынын жаңы тактикасын сыноодо
Стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгууларынын негизги себеби – технологиялык, Россия душмандын мизин кайтаруу (өч алуу) куралынын бышыктыгын сыноодо. Москва кырдаалдын ар кандай курчушуна камылга көрүүдө, себеби Вашингтон куралданууну чектөө жөнүндө эл аралык келишимдерден ырааттуулук менен чыгууда. Ал тургай америкалык The National Interest басылмасы коопсуздук тармагында Түндүк атлантикалык альянстын РФтин чек араларындагы аскердик активдүүлүктүн жогорку деңгээлин, бул менен Москваны жаңы куралдарды жаратууга моюнга алат. Россиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрү кокус чоң согуш тутанып кетсе, кадимки куралдар жаатындагы НАТОнун артыкчылыгын ассиметриялуу жана ыкчам түрдө ордун толуктайт.

Ар кандай кубаттуулуктагы өзөктүк дүрмөттөрдүн көлөмү (спектри) душмандын объектилерин жана буталарын жок кылуу милдеттерин дифференциялуу түрдө аткарууга мүмкүндүк берет. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысынын "өзөктүк чемоданчасын" башкаруу тутуму жана түзүлүшүнө үңүлбөстөн, Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн компоненттери жана ракеталар (боеголовка) кандай иштей турганына токтололу.

Өзөктүк үчилтик

Өзөктүк ракеталарды ташуучуларды аскердик колдонулушуна (абада, деңизде жана жерде) жараша бөлүштүрүү купуялуулуктун максималдуу даражасына, технологиялык ынанымдуулук, согуштагы бышыктыгы жана өч алуу куралынын натыйжалуулугуна жетүүгө мүмкүндүк берет. Мисалга суудагы абалынан (Дүйнөлүк океандын кай жери болбосун) "Синева" континенттер аралык баллистикалык ракетасы таптакыр көрүнбөй жана күтүүсүз кыймылга келет. Үчилтиктин ар бир компоненти стратегиялык милдетин автономдуу аткарууга жөндөмдүү. Аскердик интеграциясы көйгөйдү сөзсүз чечүүнү камсыз кылат.

Толук кандуу өзөктүк үчилтикке АКШ жана Россия гана ээлик кылат, планетада жасалган өзөктүк куралдардын 90 пайызы аларга таандык. 9-декабрда америкалык RC-135S чалгындоочу учагы Аляскадагы авиабазадан учуп чыгып, кошумча май куюу менен россиялык чек араларга жакын Беринг деңизинде көп саат айланганы тегин жерден эмес. Бул континенттер аралык баллистикалык ракеталарын коё берүү жөнүндө телеметрлик маалыматтарды чогултуу болду.

Учения кораблей НАТО в Черном море - Sputnik Кыргызстан
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Өзөктүк куралданууну ооздуктоо жаатында РФтин мамлекеттик саясаты жооп иретиндеги өзөктүк сокку уруунун төрт шартын аныктайт: Россия жана анын союздаштарынын аймагына баллистикалык ракеталардын кое берилиши, массалык кыйратуучу курал менен сокку уруу, өтө маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерге таасир этүү, ошондой эле РФке коркунуч келтирген конвенциялык (кадимки) курал пайдаланылган агрессия.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Москва Россиянын территориясына кандай гана ракеталык сокку урулса да өзөктүк потенциалын тарта турганын тактайт. Душмандын кайсы курал менен чабуул койгонун аныктоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, РФке карай кое берилген баллистикалык ракета өзөктүк деп болжонот.

Батыштагы "өнөктөштөр" мындан кабардар, антсе да Арктика, Балтий, Кара деңиз, Тынч океан аймактарында чагымчыл аскердик активдүүлүгүн азайтпай келет. Мурдараак РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Россияга сокку уруу боюнча АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учактары машыкканын, анын ичинде америкалык В-52 бомбалоочу учагынын Санкт-Петербург жана Калининградга жакын өтө кооптуу учуштарын да кабарлаган. Россиянын реакциясы түшүнүктүү.

РФтин стратегиялык өзөктүк күчтөрү графиктен да алдыга озуп улам жаңы, анын ичинде "Ярс", "Сармат", "Авангард" ракеталык комплекстерин алууда. Атомдук субмариналар, стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн бөлүктөрү, бомбалоочу-ракета ташуучулар дайым (күнү-түнү) аскердик күзөттө, айрым бута же багыттарга жооп иретинде тез сокку урууга даяр. Мезгил-мезгили менен окуулар өткөрүлүп, аларга бир убакта россиялык өзөктүк үчилтиктин бардык компоненттери тартылат.

Чынжырлуу реакция

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусу өткөн күнү: "Өзөктүк согуштарга жол берилбестигин жана анда жеңишке жетүү мүмкүн эместигин туура жана бардык көз караштан алганда дал маалында тастыктоо өзгөчө мааниге ээ", — деп билдирген.

Командно-штабные учения Кавказ-2020 - Sputnik Кыргызстан
Алдыга арыш жасаган Россиянын аскер техникасы: 2020-жылдын жыйынтыгы
Россиялык "стратегдер" мурунку окууларда "Россияга жыш топтоштурулган ракеталык-өзөктүк соккудан соңку" кырдаалга карата машыгышкан. Болжолдуу агрессорго шарттуу жооп ушунчалык ынанымдуу көрүнгөн, ошондон кийин дароо НАТОдогулар тайсалдай, "жаңылыш эсептер жана түшүнбөстүктөрдөн качууну" сунуштаган.

Оренбургдун алдында аскердик күзөт өтөгөн "Авангард" гипер үндүү блоктору (РФтин коргонуу жөндөмүнүн технологиялык чеги) душмандын аймагындагы буталарга аргасыз старт алууда.

Континенттер аралык баллистикалык ракеталардын (УР-100Н УТТХ) жардамы менен блок Жердин айланасында учуп, эсептелген убакытта атмосферага бутасынан миңдеген чакырым аралыктан кире алат.

Андан соң саатына 24 миң чакырым ылдамдыкта болжоп болгус траектория менен "Авангард" учуп келип, душмандын объектисин талкаларын бөркүңүздөй көрүңүз. Коргонуу жок. Континенттер аралык үчүнчү муундагы РСМ-54 "Синева" баллистикалык ракетасы атомдук стратегиялык субмариналарын жабдыйт. Ракетанын старттык салмагы – 40 тоннанын тегерегинде. Ал ар бири 100 килотонналык төрт же он аскердик мээлөөчү блокту ташып, 11500 чакырымга чейинки аралыкка уча алат. Реалдуу ооздуктоо куралы деңиздин эң тереңдиктеринде айбаттуу, анан да көзгө байкалбайт.

РФ территориясынын үстүнөн же бейтарап суулардын үстүндөгү мейкиндиктен бомбалоочу-ракета ташуучунун бортунан кое берилген Х-101 абада жайгаштырылган стратегиялык канаттуу ракетасы 30 метрден 10 чакырымга чейинки бийиктиктерде секундасына 270 метрге дейре ылдамдыкта 5500 чакырымды багынтып, 430 килограммдык ракетаны бутасына таамай тийгизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0