Рубль 2021-жылдагы эң келечектүү валюталардын бири аталды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоонун сап башын кытай юаны, андан кийин мексикалык песо ээледи. Ал эми рубль алдыңкы үчтүктү жыйынтыктаган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россиянын рубли келерки жылдагы эң келечектүү валюталардын бири деп аталганын Bloomberg жазды. Агенттик рейтинг үчүн 63 инвестор, стратег жана соодагерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Курс доллара к рублю - Sputnik Кыргызстан
Россияда доллар арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбат. Улуттук банктын жообу
Рейтингдин сап башын кытай юаны, андан кийин мексикалык песо ээледи. Адистер рублди үчүнчү орунга койгон.

Эксперттердин божомолунда, 2021-жылы рыноктун негизги драйвери коронавируска каршы эмдөө жана анын натыйжалуулугу болмокчу. Бул, бөтөнчө, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде маанилүү.

Сурамжылоого катышкан 57 эксперт өнүгүп келе жаткан рыноктордо валюталар өсөрүнө ишендирген. Ал эми акциялардын жогорулашын 56 респондент, облигациялардын көтөрүлүшүн 37 киши боолгологон. Арзандайт деген пикирди 2, андан кийин 24 инвестор билдирген.

"Кийинки жыл экономиканын калыбына келиши жана доллардын төмөндөп турган шартында оор болушу мүмкүн", — деген эксперт Кристофер Уайт.

Сурамжылоого ылайык, Россия Польша жана Мексика менен катар эле 2021-жылы инфляциянын өсүшү күтүлбөгөн өлкөлөрдүн үчтүгүнө кирди. Эксперттердин айтымында, башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө баалар тездик менен өсөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0