Лавров РФ башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүдө деген кинеге жооп берди

© Фото / МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ башчысы Москва окуянын ар кандай өнүгүшүнө даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, Батыш Россияны күнөөлөш үчүн себепти оңой эле табат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш Москваны башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишип жатат деп айыптоого толгон-токой шылтоо ойлоп таба аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы кезде бизди Беларустун ишине кийлигишип жатат деп айыпташууда. Ошондой эле Европа менен АКШдагы, айрыкча Британия аралдарында таасирдүү делген аналитиктер Россия Батышка каршы геосаясий позицияны бекемдеш үчүн Тоолуу Карабахка кийлигишип, Түркия менен аймакты бөлүшүү үчүн сүйлөшүп алган деп айтып чыгышты", — деди Лавров.

ТИМ башчысы Москва окуянын ар кандай өнүгүшүнө даяр экенин белгиледи.

"Кечээ жакында эле АКШнын конгресси союздаш мамлекеттер Россия менен Беларуска каршы санкция жарыялай турганын окудум. Мунун себеби — Беларуста "түстүү революция" жасагысы келгендерге эки өлкөнүн союздаш болгону жакпай жатат. Мындан башка дагы толгон-токой шылтоо болот. Батыш себеп издегенди гана эмес, жок жерден ойлоп тапканды да мыкты билет", — деди Лавров.

Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан
"Калптын казанын кайнаткан министрлик". Европа РФке каршы күрөштүн "аргасын" тапты
Ноябрь айында АКШнын эл өкүлдөр палатасы өлкө президентине Беларустун шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен аткаминерлеринин (ЖМКнын ишине басым кылды делгендер) АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүүгө ыйгарым укук берген мыйзам долбоорун колдогон.

Конгресстин сайтындагы маалыматка караганда, мыйзам долбоор "интернет-цензурага" каршы туруп, аялдар менен саясий качкындарга колдоо көрсөтөт.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, АКШнын президенти Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясында эмгектенген каалаган мүчөсүнүн визасын жокко чыгарып кое алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0