Россияда мигранттар азайгандыктан курулуш тармагында көйгөй жаралды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКурулуш объектте ишкер
Курулуш объектте ишкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Катырин өкмөт төрагасы Михаил Мишустинге эмгек мигранттарынын Россияга үй-бүлөсү менен кирүүсүн жеңилдетип берүүнү суранып кат жолдогон.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россияга мигранттар келбей жумушчу күч азайгандыктан өнөр жай тармагындагы курулуш объектилери жана инвестициялык долбоорлор токтоп калды. Бул тууралуу РФтин Соода - өнөр жай палатасынын жетекчиси Сергей Катырин билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.

Катырин Россияга айрыкча жогорку квалификациялуу адистердин үй-бүлөсү менен келүүсүнө шарт түзүп берүү зарыл экенин белгилеген.

"Учурда бизге компаниялар кайрылып жатышат. Алардын айтымында, тийиштүү адистер мамлекеттеринен келе албай калгандыктан тийиштүү жабдыктарды убагында оңдоп, орнотуп, жайгаштыруу мүмкүн болбой жатат. Буга байланыштуу ондогон келишимдер аткарылбай калган. Өлкөгө айрыкча жогорку квалификациялуу адистердин үй-бүлөсү менен келүүсүнө шарт түзүп берүү зарыл", — деди жетекчи.

Буга чейин Катырин өкмөт төрагасы Михаил Мишустинге эмгек мигранттарынын Россияга үй-бүлөсү менен кирүүсүн жеңилдетип берүүнү суранып кат жолдогон. Палатанын мындай демилгеси көпчүлүк ишкер коомчулугунун кайрылууларынын негизинде жаралганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0