"Топ жарган техника": Россия танк кармашынын жаңы тактикасын сыноодо

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБМПТ "Терминатор". Архив
БМПТ Терминатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралданган, корголгон жана универсалдуу... Челябинскидеги полигондордун биринде танк жана аскердик машиналардын, ошондой эле аларды колдоо үчүн чыгарылган "Терминатор" танктарды колдоочу аскердик унаасынын биргелешкен машыгуусу өттү.

Алар Борбордук аскердик округунун Т-72 гвардиялык дивизиясы менен бир катарда чабуул коюп, кыйла сүрдүү ок атуу күчүн көрсөттү. Аталган техниканын өзгөчөлүктөрүнө серепчи Андрей Коц токтолгон.

Чечен тажрыйбасы

РФ Коргоо министрлиги жарыялаган видеодо "Терминаторлор" негизги чынжырдан артта, оор зооттолгон машиналардын арасында баратат. Танктар 125 миллиметрдик куралдарынан ок атып жатканда танкаларды колдоочу аскердик унаасынын экипаждары "согуш талаасына" кылдат көз салууда. Жоокер "душманын" байкаары менен 30 миллиметрлик эки катар замбиректен жамгырдай ок жаадырат.

Форум Армия-2020. Демонстрационные полеты - Sputnik Кыргызстан
Орус куралы: биринчи сериялык Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник"
"Терминаторлордун" негизги милдети – ушул, тагыраак, танктарды пехота, куралдуу гранатометтор жана танкка каршы тескелүүчү комплекстерден танктарды калкалоо болуп саналат. Танктарды колдоочу аскердик машиналарын иштеп чыгууга 1980-жылы киришишкен, бирок биринчи чечендик кампаниясынан кийин долбоорду олуттуу түрдө колго алышкан. 1995-жылдын январына Грозныйга жасалган чабуул танктар пехота менен кармашууда өтө эле чабалдыгын айгинелеген.

Имараттын жогорку кабаттарында жайгашкан согушкерлер үстүңкү проекциясындагы салыштырмалуу жука бронясын (болот калканчын — ред.) гранатомет менен тешип, федералдык күчтөрдүн зооттолгон техникасын оңой эле талкалашкан.

Душмандардын бронебойщиктеринен (броня талкалагычтардан) танктарды калкалоочу мотоаткычтарды дудаевчилер пулемет жана снайпердик ок менен эле ийгиликтүү бөлүп салган. Шаардагы согуштарга негизги куралдануунун чоң бурчтуу вертикалдык мээлегичи бар зооттолгон аскердик машина зарыл экени айдан ачык болгон.

Сириядагы сыноо

"Объект 199 "Рамка" деп белгиленген танктарды колдоочу аскердик машинасынын алгачкы прототиби 2001-жылы пайда болгон. Бул машинанын жолу катаал. Коргоо министрлиги бир топ жыл ар кандай, негизинен каржылык себептерден улам аны алуудан баш тартып келген. Танктарды колдоочу аскердик машиналарынан бир рота түзүүнү пландашкан, бирок куралдуу күчтөрдүн катарына бул техника такыр эле алынбады.

Командачылык жаңы машиналарды сатып алуудан, ошондой эле бул долбоор боюнча эскирген танктарды конверсиялоодон баш тартарын жарыялаган. Алардын он даанасы Казакстанга сатылган.

Командно-штабные учения Кавказ-2020 - Sputnik Кыргызстан
Алдыга арыш жасаган Россиянын аскер техникасы: 2020-жылдын жыйынтыгы
Ошентсе да "Терминаторлор" ар кыл эл аралык курал-жарак көргөзмөлөрүнө дайым коюлат. Ал эми 2017-жылдын жайында танктарды колдоочу аскердик машиналардын бир нечесин Сирияга — аскердик иш сапарга жөнөтүшкөн. Хмеймим авиабазасында байкатпас тор жабылган унаалардын биринин "жылдызы жанган".

"Терминатордун" ишин аскерлер жактырып, ИМ* согушкерлерине каршы чабуул коюучу операцияларда кызуу колдонулганы айтылган. Ошентип РФ Коргоо министрлиги "Терминаторлорду" алууга батынган.

2018-жылы жаңы машиналар Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышкан. Көп өтпөй техника аскердик бөлүктөргө, атап айтканда, 90-гвардиялык танк дивизиясына алынган. Сыноочу-аскердик эксплуатациясынын жыйынтыктарына жараша аларды мындан аркы сатып алуулар боюнча чечим кабыл алынат.

Универсалдык жоокер

"Терминатор" Т-72 негизги аскердик танктын базасында жасалган. Ошондой эле зооттолгон, заманбап "Реликт" динамикалык коргоо менен бекемделген. Курал блогу мунарасынын арткы бөлүгүндө, ал эми курал топтому сооттолгон көлөмүнүн тышына чыгарылган.

Танкаларды колдоочу аскердик машиналар пехотанын танкага каршы каражаттарын тогото бербейт. Экипаж "Мста-С" өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмодогудай беш кишиден турат. Бул эң оболу "Терминатордун" толук куралданганына байланыштуу. Танктарды колдоочу аскердик машиналар — башкаларга эч окшобогон "кургактагы эсминец" болуп саналат.

Негизги куралы — 900 дүрмөттөн турган курал топтому бар, кошоктолгон 30 миллиметрлик 2А42 автоматтык замбиреги (аларды БМП-2, БТР-82А жана аскердик тик учактарга да орнотушат).

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты
Куралдардан сырткары, мунарасында 7,62 миллиметрлик калибрдеги ПКТ пулемету коюлган. Мунарасынын эки капталында – зооттолгон эки каптагычы, ар биринде танкка каршы 9М120-1 "Атака" ракеталары, алты чакырымга таамай ата алган транспорттук-ок атуучу контейнер бар.

Корпустун алдыңкы бөлүгүндө — пехотага майда ок-дары менен аткылоо үчүн эки АГ-17Д курстук автоматтык гранатомету орнотулган. Экипаж бул арсеналдарын баарынан "Рамка" ок атууну башкаруунун заманбап автоматтык тутуму аркылуу натыйжалуу пайдалана алат. Ал санарип баллистикалык эсептегич жана буталарды коштоонун автоматы менен жабдылган.

Мээлегичтин кароолу күнү-түнү иштөө үчүн тийиштүү бардык жабдуулар, атап айтканда, тепловизиондук жана оптикалык каналдары, ПТУР мээлөөчү аппаратура, алыстыкты ченөөчү лазердик прибор менен жабдылган. "Терминатор" бура бастыргыс буталардын номенклатурасы болуп көрбөгөндөй кеңири: пехота, танктар, зооттолгон жеңил техника, жапыз учкан тик учак, талаа коргондору.

Долбоордун келечеги

Танктарды колдоочу аскердик машинанын тун варианттарын эксперттик коомчулукта көп сынга алышчу. "Терминаторго" коюлган негизги дооматтардын бири – анын чабал "кароолу". Жаңы машиналар согуш талаасында зооттолгон оор техникага караганда көптү көрө алат деп болжонгон. Бирок танктарды колдоочу аскердик машиналардын алгачкыларында жана негизги аскердик танкалардагы байкоо салуу жана мээлөөчү комплекстери бирдей. Анын үстүнө "Терминаторлор" согуш талаасында зооттолгон техниканын негизги коргоочулары катары пехотаны толугу менен алмаштырууга жөндөмүнөн көпчүлүк шектенген. Антсе да алардын заманбап версиясынын "көзү" алда канча өткүр.

С-400 Триумф зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?
Коргоо министрлигинин тасмаларына караганда, аскерлер тун "Терминаторду" жогору баалашкан. 2013-жылкы экинчи варианты азыраак курал ташыган. Андан автоматтык гранатометтор алып салынып, экипаж үч кишиге чейин кыскарган.

Россиялык буюртмачыны мындай заманбапташтыруу кызыктыра алган эмес, анткен менен Алжирде сатып алуучулар табылган. Алар "Терминатор-2" танктарды колдоочу аскердик машиналарынан 300дөн ашуун бирдикке буюртма беришти.

"Терминатор-3" качан чыгары али анык эмес. 2016-жылы эле "Уралвагонзаводдун" башкы директору Олег Сиенко корпорация "Армата" жаңы платформасынын негизинде машинаны өркүндөтүү концепциясын иштеп чыкканын билдирген. Ал куралдардын келечектүү түрлөрүнөн 28 бирдик, анын ичинде абадан коргонуу тутуму, зооттолгон оор техника менен жабдылган.

Алардын катарына танктарды колдоочу аскердик машиналар да кирет. Болочок машина туурасында маалымат аз. Бирок 30 миллиметрдик замбиректердин ордуна андан кубаттуу 57 миллиметрлик курал орнотулары кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0