Мамдума депутаты: жаңы жылдык эс алуу россиялыктардын ден соолугуна зыян

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко. Архив
Мамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү жаракат алган жарандар көбөйүп кетерин айтып, 31-декабрды эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштаган.

БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. Узакка созулган жаңы жылдык эс алуулар россиялыктардын ден соолугуна жана экономикага терс таасирин тийгизет. Буга байланыштуу мындай дем алыштан толугу менен баш тартуу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Геннадий Онищенко билдиргенин РИА Новости жазды.

"Силер Склифосовский институтуна кайрылып көргүлө, алар январдын биринчи декадасы Тез жардам кызматы үчүн абдан оор мезгил экенин айтып беришет. Себеби ичимдекке уулангандар жана мас абалында жаракат алгандар көбөйөт. Эгер статистика кайсы бир учурда азайган болсо, демек, көптөр жаңы жылда чет өлкөгө чыгып кетишкен. Быйыл мындай болбойт", — деди Онищенко.

Депутат узакка созулган дем алыш күндөрү өлкө экономикасы үчүн дагы терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Салют же өрт экенин ажырата албай. Россиядагы асманды каптаган жалындын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Салют же өрт экенин ажырата албай. Россиядагы асманды каптаган жалындын видеосу
"Дүйнө жүзү Жаңы жылды тоскондон кийин эле ишке кайтат. Биз болсо бир декада бою эс алып жатабыз. 31-декабрды дем алыш кылалы. Себеби бул күнү баары бир эч ким иштебейт. 90-жылдары адамдарга айлык төлөнбөй калган, ошондо эс алуулар узакка берилчү. Азыр мындай дем алыштардын кандай кажети бар?" – деди Онищенко.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргызстандыктар 10-январга чейин эс алышкан. Быйыл болсо жаңы жылда үч күн катары менен эс алары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0