Карабах окуясы. Путин согушту токтотууда кандай тоскоолдуктар болгонун айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин ответил на вопросы СМИ по ситуации в Нагорном Карабахе
Президент РФ В. Путин ответил на вопросы СМИ по ситуации в Нагорном Карабахе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Тоолуу Карабах окуясы боюнча азыркы учурдагы эң чоң жетишкендик — кан төгүүнү токтотуу. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

"Эң негизги жетишкендик - кан төгүүнү токтотконубуз болду. Анткени бул кино эмес, миңдеген адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдыры. Бул трагедия", — деди Путин.

Анын айтымында, Азербайжан президенти Ильхам Алиев октябрь айында Шуша шаарына качкындарды кайтарып келгенде эле ок чыгарууну токтотууга даяр экенин билдирген. Бирок Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян бул сунушту четке каккан.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чынара Эсенгул: Карабахтагы чатак тынчтык жолуна түштү деп айтууга эрте
Ошондой эле ал Алиев жана Пашинян менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу 19-20-октябрда жүргүзгөнүн кошумчалады. Бирок анда Армения муну өзүнө кооптуу жана пайдасыз экенин билдирип, сүйлөшүүлөр токтоп калган экен.

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Ага ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барган.

Буга чейин Кыргызстан эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.

Карабах окуясы

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү көз карандысыз деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, аскердик кагылышууга чейин жеткен. Ошондон бери атышуулар токтобой, эки тарап абалга бири-бирин күнөөлөп келет.

Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылдары куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0