Роспотребнадзор Сибирдеги коронавирус мутациясы боюнча үн катты

© Sputnik / Андрей Каспришин / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер
Медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сибирь аймагында SARS-CoV-2 боюнча "белгилүү бир өзгөрүүлөр" бар экени айтылып, Роспотребнадзор буга өз баасын берген.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Сибирде коронавирустун мутациясы аныкталган учур катталды. Бул тууралуу россиялык санитардык дарыгер Анна Попова "COVID-19 коронавирустук инфекция жөнүндө жаңы илимий маалыматтар" симпозиумунда билдиргенин РИА Новости жазды. 

Ал белгилегендей, аймакта SARS-CoV-2 боюнча "белгилүү бир өзгөрүүлөр" бар. Попова муну ал жерде "белгилүү бир мутациялар менен өзүнүн варианты калыптанып жатат" деп айтууга мүмкүндүк берерин божомолдойт.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар коронавирустун жеңил түрүнүн да кесепети оор болорун аныктады
Ал арада Роспотребнадзордун маалымат кызматы Сибирь аймагында өзүнүн коронавирус боюнча варианты жок экенин тастыктаган.

Буга чейин Попова Россияга Европа жана Азия өлкөлөрүнөн (Кытайдан эмес) SARS-CoV-2 инфекциясынын бир канча түрү өтүп келгенин билдирген.

Роспотребнадзордун башчысы түшүндүргөндөй, Сибирь аймагынан табылган мутация козгогучту күчөтпөйт жана эпидемиологиялык аспектилерге таасир эте албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0