ТИМ Россияга окууга барууну каалаган студенттерге жооп кайтарды

© Sputnik / Илья Аверьянов / Медиабанкка өтүүДальневосточный федеральный университет
Дальневосточный федеральный университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Федерациясында окуп жаткан студенттердин учак маселеси кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселе бойдон калууда.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россия менен авиакаттамдарды көбөйтүү маселесин көтөрүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Мындай аракеттер РФте билим алып жаткан студенттердин окууга баруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлүп жатат.

8-октябрда Россиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жарандарын, өзгөчө РФтин ЖОЖдорунун студенттерин Avia Traffic авиакомпаниясынын чартердик каттамдары менен жөнөтүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен дагы бир нота жөнөтүлгөн.

Россиянын окуу жайлары кыргызстандык студенттерге кандай жеңилдик берет

Учурда Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Краснодар жана Сургут шаарларынан Бишкек, Ош шаарларына кыргыз жарандарын жана башка чет өлкөлүктөрдү бир тараптуу ташууну жүзөгө ашырууда.

Кыргыз бийлиги РФ менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтып, Россиядагы окуу жайына бара албай жаткан студенттерди маселе чечилгенге чейин сабыр кылып турууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0