РФ элчиси Европанын гиперүндүү ракеталар боюнча билдирүүсүнө жооп берди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив
Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов Европага ракета техникасын жайгаштырууга шашпай туруу керектигин эскертти. Дипломаттын сөзүн РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен шаршемби күнү Вашингтон Россияны тизгиндөө үчүн Европага гиперүндүү куралы менен баллистикалык ракеталарды жайгаштырууга даяр экенин жар салган.

Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

"Мындай билдирүүлөр регионалдык жана глобалдуу коопсуздукту туруксуздаштыруу кооптуулугун шарттайт, каршылашууну күчөтөт. Эгер Вашингтон куралданууга чындап көзөмөл жүргүзүүгө кызыкдар болсо, бул үчүн европа континентине ракеталарды жайгаштыруунун зарылдыгы жок", — деген Антонов.

Ал Владимир Путиндин Орто жана жакынкы ыраактагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин (ДРСМД) токтотулган шартында деэслакация сунушун "конструктивдүү альтернатива" деп атады.

Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен. Вашингтон Москвага тыюу салынган 9М729 ракетасын иштеп чыгып сынады деп кине койгон. Ал эми Россия бардык ишти уруксат берилген 500 чакырымга чейинки аралыкта жүргүзгөнүн айтып келет.

Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?

Ушул жумада Путин ракета жарышын токтотуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаган. РФ лидери Москва өлкөнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракетасын жайгаштырбай турганын, бирок НАТО тараптан да ушундай эле жооп күтөрүн билдирген. Ал муну менен бирге альянска Европа жана Калининграддагы объектилерде жайгаштырылып жаткан Мк-41 жана 9М729 техникасын текшерүүнү сунуштаган. Ал эми Германия ТИМинин өкүлү Андреа Зассе бул демилге "ишеним жаратпай турганын" билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0