ТИМ Путиндин сунушуна Батыштын кылган мамилесин кескин сындады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү9М729 ракеталары. Архив
9М729 ракеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден чыгып кеткенден кийин Европадагы чыңалып жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин РСМД боюнча сунушу Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу ниети болчу. Азыр бул чечимге кол шилтегендер Европанын коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөтүп жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

"Айтылган сунуштар олуттуу текшерип, билип-үйрөнүүнү талап кылат. Анын тереңинде фундаменталдык ой жатат, ал РФ жетекчилигинин Европадагы аскердик-саясий абалдын турукташуусуна жол табууга кылган ишаратынын белгиси. Булар Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу үчүн жасалууда", — деген Рябков.

ТИМ өкүлү учурда ставкалар "өтө жогору" жана "Путиндин сунуштарына кол шилтегенге аракет кылгандар" аталган аймактын коопсуздугуна кенебестик менен мамиле жасап жатат деген маанайда пикирин билдирген.

"Өзүнүн коопсуздугун эске алганда деле, биринчи терс маанайдагы ойлонулбаган билдирүүлөрдү дал Европанын өзүнөн уктук",— деген Рябков.

Президент Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден (РСМД) чыгып кеткенден кийин Европадагы улам чыңалып бара жаткан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан. Тагыраагы, эгерде НАТО тараптан да кадам ташталса, Москва өз ыктыяры менен өзүнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракеталарын бурбай, топтобой турарын билдирген. Альянска Европадагы Aegis Ashore комплекстерин Мк-41 орнотуучу жабдуулары менен кошо текшерип алууну сунуштап, ага Калининград объектилериндеги 9М729 ракеталарын кошкон.

"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир

Демилгеге биринчилерден болуп расмий Берлин жооп кайтарып, НАТОнун мурдагы позициясын бетке кармап, РСМД боюнча россиялык идея ишенимге татыктуу эмес деген пикирин айткан. Өз кезегинде Лондон аталган долбоорун ийгиликсиз болуп калышына кайрадан Россияны күнөөлөдү. Франция гана Россиядан сунушталган демилге боюнча кененирээк айтышын күтүп жаткандыгын билдирди.

Өлкөнүн ТИМ өкүлү "европалыктардын коопсуздугуна негиз салуучу элемент" болгон РМСД боюнча макулдашууну сактап калууга чечим табылбагандыгына өкүнгөндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0