Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял участие в заседании дискуссионного клуба "Валдай"
Президент РФ В. Путин принял участие в заседании дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынына видеобайланыш аркылуу катышып, сөз сүйлөдү. Клубдун быйылкы темасы — "Пандемия сабактары жана жаңы тартип: дүйнөлүк кризисти дүйнө үчүн мүмкүнчүлүккө айландыруу".

Россия Федерациясынын президентинин сөздөрүнүн урунттуу учурлары тизмектелди.

"Россиянын ыргагынын басаңдашын" күткөндөр жөнүндө

Өз сөзүндө Путин айрым өлкөлөрдүн Россиянын чабалдашын күткөнү боюнча да токтолду. "Өлкөнү бекемдөө менен дүйнөдө, башка мамлекеттердеги абалга көз салсак, Россиянын акырындап өчүшүн дале күтүп жаткандарга алардын "жаназаларында" үшүп калбас бекенбиз деп гана тынчсызданарыбызды айтар элем", — дейт РФ президенти.

Россия өзүнүн интеллектуалдык, территориялык, экономикалык, аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын туура баалай аларын белгиледи Путин.

Вакцина жана маймылдар: "россиялык фейк" туурасында британдык фейк

Пандемия туурасында

COVID-19 пандемиясы жөнүндө кеп козгогон Путин коронавирус чегине электигин, ал эми дүйнө турмуштун бардык чөйрөсүндө "тектоникалык жылыштардын" астанасында турганын айтты.

"Коронавирус эпидемиясы коомдук, ишкерлик, эл аралык турмушту олуттуу түрдө өзгөрттү. Ал түгүл ар бир адамдын күнүмдүк жашоосун алмаштырды", – дейт ал.

Путин Россиянын жарандары жана алардын бири-бирине кол сунууга даяр экени, эң оболу врачтар, медициналык кызматкерлер менен сыймыктанарын белгиледи.

"Пандемия адам өмүрүнүн аярлыгын эскертти. Технологиялык жактан алдыга озгон XXI кылымда да, эң өнүккөн өлкөлөрдө да адам анчалык деле кооптуу эмес, өлүмгө деле көп кептебей турган инфекциянын алдында алсыз болорун элестетиш кыйын", – деген президент коронавирус менен болгон күрөштө эл аралык коомчулук баарын аткарган жок, мүчүлүштүктөр да бар экенин айтты. 

© Sputnik / Алексей ДружининВладимир Путин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынына видеобайланыш аркылуу катышып, сөз сүйлөдү
Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин Валдай клубундагы сөзү - Sputnik Кыргызстан
Владимир Путин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынына видеобайланыш аркылуу катышып, сөз сүйлөдү

Жаңы чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү

Путиндин пикиринде, ушул тапта пандемиянын айынан жазындагыдай кайрадан чектөө чараларына кайтуунун зарылдыгы жок. Анткени "медицина да натыйжалуу иш алып барды". Ооруканаларда кошумча орундар түзүлдү, дары-дармек пайда болду, "медиктер эмне кылуу керектигин түшүнүп, так билип калышты".

Россия мамлекетинин башчысы коронавирустан улам Швеция чектөөлөрдү киргизбесе да экономикасы артка кеткенин белгиледи. Азыр Россияда макроэкономикалык көрсөтүчтөр дурус, экономика калыбына келип жатканын кошумчалады РФ президенти.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

Жарандык коомчулук жөнүндө

Россиянын өнүгүүсүндө чечүүчү ролду жарандардын добушу ойнорун белгилейт Путин. Айтымында, россиялыктардын пикири чечүүчү болуп, ал эми ар кыл коомдук күчтөрдүн конструктивдүү өтүнүчтөрү ишке ашууга тийиш.

Мамлекеттин өз алдынчалыгы туурасында

Мамлекеттик түзүлүштөн кеп козгоодо президент кимдир бирөөнү тууроо натуура. "Биз демократиянын сырттан алып келинген моделдери кандай иштерин көрүп турабыз. Ал – тек гана кабыгы, фикция. Ички, ал тургай суверендүүлүк өңдүү маңызынан ажыратылган фикция.

Ошондой схема ишке ашырылып жаткан өлкөлөрдө элден чындап эч нерсе сурашпайт, ал эми тийиштүү жетекчилердин вассалдардан дегеле айырмасы жок. Белгилүү болгондой, вассал үчүн чечимди кожоюну кабыл алат", — дейт ал.

Путиндин айтымында, ар бир өлкөнүн өз саясий түзүлүшү бар, анын кандай аталгандыгынын мааниси жок, өз саясий маданияты, салты, өнүгүү боюнча өз көз карашы бар.

"Күчтүү мамлекет эмне? Ушундай суроо туулат. Анын күчү эмнеде? Кеп, албетте, жапырт көзөмөл же укук коргоо органдарынын катаалдыгында, жеке демилгени жектеп же жарандык активдүүлүктү басмырлоодо, ал түгүл куралдуу күчтөрдө жана коргонуу потенциалында да эмес. Булардын да географиялык, геосаясий чакырыктардын бүтүндөй комплекси, анан, албетте, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары глобалдык стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн тарыхый жоопкерчилик жагынан да Россия үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөсүздөр деп ойлойм. Анткен менен мамлекеттин күчү баарынан оболу элинин ишениминде экенин билем. Мамлекеттин күчү — мына ушунда", — деп баса белгиледи Путин.

Путин белгилегендей, бийликтин булагы — адамдар, бул алардын "шайланган бийликке кеңири ыйгарым укуктарды берүүгө даярдыгында" камтылат. 

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүПутин белгилегендей, бийликтин булагы — адамдар, бул алардын "шайланган бийликке кеңири ыйгарым укуктарды берүүгө даярдыгында" камтылат.
Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин Валдай клубундагы сөзү - Sputnik Кыргызстан
Путин белгилегендей, бийликтин булагы — адамдар, бул алардын "шайланган бийликке кеңири ыйгарым укуктарды берүүгө даярдыгында" камтылат.

Лавров европалык лидерлер менен сүйлөшүүнү токтотууга сөз берди. Себеби

Дүйнөдөгү үлкөндөрдүн өзгөрүшү жөнүндө

РФ президенти АКШ бүгүн өзгөчө өлкө катары өзүн көрсөтүүгө умтулары арсар, бул Американын өзүнө деле керекпи деген суроо салат.

"Экономикалык салмагы жана саясий таасири жагынан супердержава позициясына активдүү түрдө кадам шилтөөдө. Ушундай эле багытта Германияда да алдыга жылууда".

Ошол эле убакта Путин эл аралык иштерде Улуу Британия жана Франциянын ролу алмашканы даана байкаларын кошумчалайт. Бразилия жана Түштүк Африка Республикасы өңдүү өлкөлөр күчтөндү.

РФ президенти өлкөлөрдү коронавирус пандемиясы шартында мамлекеттер аралык мамилелерде чынчыл болууга жана кош стандарттык саясаттан баш тартууга үндөдү.

"Коронавирустук инфекциядан жапа чеккен жана азыр да азап тартып жаткан башка өлкөлөр да көп. Алар ушул тушта сырттан келчү жардамга эмес, куру дегенде гуманитардык чөйрөдө, дары-дармек, насыялык ресурстар, жабдыктар менен жабдууда, технологиялар менен алмашууда чектөөлөрдүн алынышына муктаж", — дейт РФ лидери.

Куралданууну көзөмөлдөө жөнүндө

Куралдануу көзөмөлү жөнүндөгү сөзүндө Путин бул багыттагы чектөөлөрсүз дүйнөнүн келечеги жок экенин айтты. Вашингтон мындай келишимдерден баскыч-баскыч менен чыгууда.

"Ракетага каршы коргонуу тутумунан четтегени жалпыга белгилүү. Кийин Чакан жана орто ыраактыктагы ракеталар боюнча келишимден чыккан. "Ачык асман" боюнча келишимден азырынча чыга элек, бирок Америка бул келишимден чыгуу жол-жобосун баштаганын жарыялаган. Эмнеге? Кайсы негизде? Себебин да түшүндүрбөйт", – дейт ал.

РФ президенти Москва Кытайдын СНВ келишимине каршы эмес, бирок Пекин менен сүйлөшүүнү Россияга жүктөп койбой Вашингтон бул ишти өзү колго алууга тийиш.

Путин бул келишимге бардык өзөктүк державалардын киришин колдойт.

"Бизге европалыктар алар (АКШ – ред. тактоосу) чыга берсин, силер чыкпагыла. Мына кызык. Баарыңар НАТОго мүчөсүңөр, демек, силер учасыңар, америкалыктарга маалымат бересиңер. Ал эми биз бул келишимде калганыбыз үчүн андайды кыла албайбыз. Ошондуктан, макоолоно бербестен, бири-бирибиз менен ачык сүйлөшөлү. Бирок чындыгында АКШнын европалык өнөктөштөрү Кошмо Штаттар бул келишимден чыкпай, эч нерсенин бузулбашын каалайт", – деди.

Путин Россия коронавируска каршы экинчи вакцинаны каттаганын жар салды

Карабахтагы кырдаал тууралуу

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Тоолуу Карабахтагы кырдаалдын курчушу туурасында да кеп кылышты. РФ президенти жаңжал тутангандан бери эки тараптан тең эки миңден ашуун адам набыт болуп, жоготуулардын жалпы саны беш миңге чукулдады.

Россия бир топ жылдан бери бул кризисти жөнгө салуунун ар кандай варианттарын сунуштап келген. РФ президентинин айтымында, бул позицияларды жакындатуу боюнча чыңалган иш эле.

"Мына-мына чечилчүдөй болуп турган. Тилекке каршы, андай болбоду. Бүгүн жаңжалга кабылдык", — деп кейиди Путин.

Россия үчүн Армения да, Азербайжан да бирдей өнөктөш, Москва экөө менен тең толук кандуу мамиледе болгусу келет.

Россия Федерациясынын лидери Тоолуу Карабах боюнча компромисс табууну абдан каалаганын да белгиледи. Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Армения премьери Никол Пашинян менен күндө бир нече ирет телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын да кошумчалады Путин. 

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын Конституциясына өзгөртүүлөр боюнча суроого жооп берип жатып Путин алар өлкөнүн өнүгүшүнө багытталганын белгиледи.
Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин Валдай клубундагы сөзү - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Конституциясына өзгөртүүлөр боюнча суроого жооп берип жатып Путин алар өлкөнүн өнүгүшүнө багытталганын белгиледи.

Навальныйдын жагдайы туурасында

Дискуссиянын катышуучуларынын биринин Алексей Навальный менен болгон жагдай туурасындагы суроосуна жооп берип жатып, Путин Россия иликтөө жүргүзүүгө даяр экенин, бирок ал үчүн анын ууландырылганы боюнча тастыктоолордун зарылдыгын, андай маалымат берилбей жатканын билдирди.

РФ президенти блогердин жубайынын кайрылуусунан кийин кылмыш иши боюнча чектөөлөрдөн улам Башкы прокуратурага бейтаптын чет өлкөгө дарыланууга чыгуу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө тапшырма бергенин да белгилеп өттү.

"Европалык лидерлердин бири менен сүйлөшүүдө Германияга биздин адистер барып, француз, немец, швед адистери менен биргеликте жеринде иштеп, кандайдыр бир материалдарды алуусу боюнча да сунуштадым.

Эгер бул чындап эле криминалдык окуя болсо, иликтөө үчүн ал материалдар кылмыш ишин козгоого негиз болмок. Бирок эч маалымат бербей жатышат".

Путин ошондой эле Навальныйдын организминде "Новичоктун" издеринин табылганынан да шек санарын айтат.

"Новичоктун" изин табышканын маалымдашты. Кийин мунун баары ОЗХОго тапшырылды дешти, анан эле кайра "Новичок" эмес экен, бул башка бир нерсе деп чыгышты. "Новичокпу" же жокпу? Башында айтылгандар шек туудура баштады", — деп кошумчалады РФ лидери.

Путин неберелеринен алган белектер жөнүндө айтып берди

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Россиянын Конституциясына өзгөртүүлөр боюнча суроого жооп берип жатып Путин алар өлкөнүн өнүгүшүнө багытталганын белгиледи.

"Конституцияга өзгөртүү киргизүү азыркы мамлекет башчысына 2024-жылы же андан кеч мөөнөттө кайрадан шайланууга мүмкүнчүлүк берүүгө гана багытталган эмес. Алар негизинен Россия Федерациясынын суверенитетин бекемдөөгө, өнүгүү перспективаларын белгилөөгө, экономиканы, социалдык тармактарды өнүктүрүү үчүн фундаменталдык конституциялык базаларды түзүү жана эгемендүүлүгүбүздү күчтөндүрүүгө багытталган. Булардын баары иштеп кетерине ишенем", – деп жооп берди.

Айлана-чөйрө жөнүндө

РФ президенти бүгүн табият ресурстарын чектөөсүз пайдалануудан баш тартууну талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

"Эгер жалпы үйүбүздү келечек муундар үчүн сактагыбыз келсе, өз планетабызды тазалоого тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо темасы — дүйнөлүк күн тартибине эбак кирип, бекем орун алган", – деди Путин.

Жаңылыктар түрмөгү
0